Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

RSF: Быйыл 45 журналист иш учурунда каза болду


2023-жылдын башынан бери дүйнөдө 45 журналист иш учурунда каза болду. Бул тууралуу Чек арасыз кабарчылар уюмунун (RSF) жылдык баяндамасында айтылат.

Журналисттердин көбү согуш тутанган аймактарда, 17си Газа тилкесинде, Израилде жана Ливанда каза болду. Украинадагы согушта быйыл эки журналист өлдү. Былтыр тогуз журналист Украинада жашоо менен кош айтышкан.

Акыркы 20 жылда журналисттер эң көп 2012-жылы (144) жана 2013-жылы (143) өлтүрүлгөн. Бул убакта Сирия менен Иракта ырайымсыз калаба болгон. Былтыр 61 журналист каза тапкан.

Баяндаманын авторлору учурда 521 журналист кесиптик ишмердигинен улам абакта отурганын белгилешти. Алардын көбү Кытайда (121), Мьянмада (68) жана Беларуста (39).

2023-жылдын аягына карата дүйнө жүзү боюнча 84 журналист дайынсыз кеткен.

XS
SM
MD
LG