Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Жогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте. Архив.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте. Архив.

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырды. Бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сом.

Парламент ушул эле күнү 2024-жылдын бюджетин бекитти. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378 млрд 437 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп бекитилди.

Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч.

Ал эми октябрь айында мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда 2024-жылы бюджеттин кирешеси 378 млрд 437 млн сом, чыгашасы 358 млрд 794 млн сом деп айтылган. Бюджеттин профицити 19 млрд 643 млн сом болот деп көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик бюджет боюнча мыйзам долбоору өлкөдөгү эң негизги документтердин бири. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев долбоор каралар алдында өкмөт 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өтө турган Элдик курултайга даярданарын айтып, талкууну саат 13:00гө чейин эле өткөрүү сунушун берип, ал колдоо тапты.

Жыйынтыгында бюджет боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу үч сааттай суроо-жооп болуп, ал дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. Эми документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG