Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:01

Путин согуш башталгандан бери биринчи жолу түз эфирде суроолорго жооп берүүдө


Путиндин маалымат жыйыны. Москва, 14-декабрь, 2023-жыл
Путиндин маалымат жыйыны. Москва, 14-декабрь, 2023-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин «жыл жыйынтыгын» чыгарган маалымат жыйын өткөрүп, түз эфирде көрүүчүлөрдүн жана журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Мындай иш-чара Москва Украинага басып киргенден бери биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бир нече күн мурун Путин эмки жылдын мартында президенттик кызматка дагы бир жолу ат салышарын билдирген.

«Интерфакс» агенттиги бир күн мурда суроолордун саны 2 миллионго жеткенин маалымдады.

«Свобода» радиосу жазганына караганда, мамлекет башчыга суроолор 1-декабрда жөнөтүлө баштаган. 13-декабрда Орусиянын федералдык Биринчи каналында түз байланышка даярдык тууралуу репортаж чыкканда экранда «Мобилизациялангандар качан кое берилет? Эмне үчүн 300 миң киши бүт өлкө үчүн кызмат өтөөгө тийиш?», «Согуш качан бүтөт?» деген, кымбатчылык жөнүндө суроолор жазылып турду. Алар түз эфирде берилеби же жокпу, белгисиз.

Кийин телеканалдын сайтынан ал кадрлар алынды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, быйыл Путинден мамлекеттин башында кала берүүнү, дагы бир мөөнөткө ат салышууну өтүнүп кайрылган жарандар көп болду.

Путиндин президенттик кызматта 5-мөөнөткө калуусуна Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр жол ачкан.

XS
SM
MD
LG