Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Министрлик төрөттүн азайышы тууралуу түшүндүрмө берди


Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова өлкөдө жылдан-жылга төрөт азайып жатканын ырастап, ага бир нече себеп бар экенин айтты. Бул тууралуу ал 14-декабрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кеп кылды.

“Балдардын төрөлүшүнүн азайышы жалаң эле бизде эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалууда. Кыргызстанда буга биринчи кезекте миграция процесси себеп. Кошумча контрацептивдик каражаттар, дары-дармектер коомчулукка жеткиликтүү. Балким ушундан улам да кыскаруу болушу мүмкүн. Мындан сырткары Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо үй-бүлөнү пландоо боюнча консультациялар берилип келет. Ушул жагынан да адамдар маалымат алып, пландап балалуу болууга өтүп жатышы ыктымал. Канткен күндө да эки балалуу болобу, же үч-төрт балалуу болобу, бул ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн чечими”, – деди Айжамал Шамбетова.

Мунун алдында, Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында депутат Камила Талиева Кыргызстандагы калктын демографиялык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин айткан.

Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы 173 484 бала, 2020-жылы 158 112 бала (15 миң адамга аз), 2021-жылы 150 161 бала (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. 2022-жылы да өлкөдө 150 225 бала төрөлгөн.

Депутат Камила Талиева мындан ары мамлекетти үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жакшыртууга чакырды.

2023-жылы тогуз айында Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG