Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга жети адам арыз берди

Боршайком 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. 2023-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн жети адам арыз берди. Алар: Эртай Искаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнов, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов.

Эртай Искаков аталган округда буга чейинки дагы шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу өткөн жекшембиде камалган жана сот аны эки айга камакта калтырган.

Аскар Алмаз уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Анда президенттин уулу "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирген. Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышы жок экенин айткан.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Анда бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган.

БШК 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Дагы караңыз

Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды Шүгүралиева: сот чечиминин эрте жарыяланышы териштирилетТүркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти Түндүк-түштүк кошумча жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү Акылбек Жапаров коңшу өлкөнүн чек аралаш аймак башчылары менен жолукту Аламүдүндө бир келин кичинекей кызы менен сууга чөгүп кетти