Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Шүгүралиева: сот чечиминин эрте жарыяланышы териштирилет


Судья Уулкан Осмоналиева жана айыпталуучулар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов. Коллаж.
Судья Уулкан Осмоналиева жана айыпталуучулар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов. Коллаж.

Жогорку Соттун басма сөз өкүлү Изати Шүгүралиева таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалгандар тууралуу судьянын чечиминин эрте жарыяланып кетиши териштирилерин билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбукта аталган окуяга байланыштуу макала талкууланып жатканда жазды.

Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаков, Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын карап, аларды эки айга камакта калтырган.

Балбаев менен Бекболотовго байланыштуу өкүм түнкү саат 12де чыккан, бирок ага 1,5 саат калганда Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов журналисттерге эки жарандын эки айга камалганын билдирген. Мындан улам айыпталуучулардын адвокаттары сот чечиминин адилеттүүлүгүнөн күмөн санашкан жана бул жагдай талаш-талкуу жараткан.

Жыл сайын жайында суу тартыш болгон Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Искаков, жергиликтүү тургундар Балбаев менен Бекболотов кармалган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Айыпталгандардын тарапташтары, жакындары коюлган айыптарды четке кагып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып жатышат. Адвокаттар аталган берене оор кылмыш болуп эсептелбей турганын, кармалгандар бошотулушу керектигин билдиришкен.

Сары-Өзөн жаңы конушунун 20дан ашык тургуну 16-июлда камактагыларды бошотууну талап кылган жыйынга чогулуп, президентке кайрылуу жолдошкон.

Бишкектин жака-белиндеги Селекция, Орок айылдарында, Сары-Өзөн, Арча-Бешик, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.

Суу өткөн аптада башкалаанын борбордук бөлүгүндө да эки күнгө токтогон.

XS
SM
MD
LG