Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды


Ош облустук соту.
Ош облустук соту.

Ош шаарында "Эмаком" компаниясы өзү курган 12 кабат үйдү мажбурлап буздуруу тууралуу шаардык соттун чечиминен улам Ош облустук сотуна кайрылды. Шаардык сот бул компаниянын Маматсакова көчөсүндө 226-номурда жайгашкан көп кабаттуу үйүн түртүрүү тууралуу 31-майда чечим чыгарган. Бул маалыматты Ош облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы бышыктады.

Анын айтымында, сотко Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бул үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин айтып кайрылган жана курулушту компаниянын өз эсебинен буздуруу жөнүндө арыз жолдогон. Шаардык сот арызды канааттандырган.

"Эмаком" шаардык соттун чечимине макул болбой, апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотунун соттук коллегиясына кайрылган. Азырынча соттук отурум качан башталары белгисиз.

Бишкекте 14-июлда “Эмакомдон” эки жылдан бери батир ала албай жаткан бир нече киши маалымат жыйын өткөргөн жана анда Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынан депутат Эмилбек Жусуповдун аты аталган.

Жусупов Инстаграмдагы баракчасында курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, үлүшчүлөрдүн алданып калганына тиешеси жок экенин билдирген.

Бул дооматтарга, соттошууларга компания өзү азырынча жооп бере элек.

Юстиция министрлигинин сайтында курулуш компаниясынын азыркы ээси Мелис Жусупов экени жазылып турат.

Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы айтылып келет. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды эмне үчүн мамлекет жөнгө сала албай жатканын иликтеген. (DSh)

XS
SM
MD
LG