Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Акылбек Жапаров коңшу өлкөнүн чек аралаш аймак башчылары менен жолукту


Акылбек Жапаров Согд жана Фергана облусунун башчылары менен жолукту.
Акылбек Жапаров Согд жана Фергана облусунун башчылары менен жолукту.

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров Бишкекте 18-июлда Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хайрулло Бозаров менен жолукту. Ага президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлү баштаган кызмат адамдары катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Жолугушууда Акылбек Жапаров мындай жолугушуулардын өткөрүлүп жатканы чек аралаш аймактардын өз ара алакасын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багыт алганынан кабар берерин айтты. Кыргыз тарап кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык маселелер тууралуу ачык жана иштиктүү сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык көп жылдык достуктун жана салттын негизинде жемиштүү өнүгүшүнө үмүттөнөрүн айтты. Бири-бирибизге ишенген шартта биздин өлкөлөрдүн чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын мүмкүн болушунча чукул жыйынтыктоо маанилүү экенин белгиледи", - деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын апрель айында Баткенде үч өлкөнүн өкүлдөрү орток чек ара маселеси талкууланган болчу. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралар чийимин аныктоо маселеси тууралуу пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, - деп билдирген эле.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылды.

Үч өлкөнүн орток чек арасы бар. Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси 970 чакырымды түзөт, анын 519у такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнүн президент Садыр Жапаров быйыл январда өзбек жетекчиси Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан эле.

XS
SM
MD
LG