Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Түркстан: секелектин өлүмүнөн улам райондук соттун төрагасы иштен кетти


Жибек Жолу айылынан тартылган сүрөт.
Жибек Жолу айылынан тартылган сүрөт.

Казакстандын Жогорку Соту Түркстан облусундагы беш жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу Сарыагаш райондук соттун төрагасын иштен алды. Анда кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүүгө карата май айында мыйзамсыз чечим чыгарылгандыгы аныкталган деп айтылат.

Түркстанда беш жашар кыздын өлүмүнө шектелген, мурда адам өлтүрүү беренеси боюнча түрмөдө отуруп чыккан 48 жаштагы тургун камалган. Ага "адам өлтүрүү" жана "сексуалдык зомбулук көрсөтүү" беренелери менен айып тагылган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүү ошол күнү мас абалда болгон. Ал көчөдө ойноп жүргөн секелек кызды “ырдап берем” деп азгырып, үйүнүн короосуна киргизгени белгиленген. Кыз бычактап өлтүрүлгөн.

Окуя 13-июлда Түркстандын Жибек Жолу айылында болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү коңшусунун үйүнөн табылган.

Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли жаалданып чогулганда, кыштакка полиция келип, интернет өчүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар кылмышка шектүүнү элдин колуна салып берүүнү талап кылышкан. Мындай окуялар укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан болуп жатканын айтышкан.

Интернет 15-июлда калыбына келтирилип, полициячылар айылдан 16-июлда чыгып кетишкен.

XS
SM
MD
LG