Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:35

Түндүк-түштүк кошумча жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү


Түндүк-түштүк кошумча жолун куруу 2015-жылы башталган.
Түндүк-түштүк кошумча жолун куруу 2015-жылы башталган.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымын курулуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

"Азыркы учурда жалданма компания (подрядчы) жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында арыктарды коюу иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле, жарыктандыруу жумуштары аткарылууда. Мындан сырткары жолдун 176-чакырымында тротуар оңдолуп жатат. Ушул жылдын 15-ноябрына чейин жолдо кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдойт", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңеште аталган жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушу көтөрүлгөн эле.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.

Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG