Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Аламүдүндө бир келин кичинекей кызы менен сууга чөгүп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында эс алуучу жайда бир келин кичинекей кызы менен сууга чөгүп кеткенин билдирди. 18-июлда суудан келиндин сөөгү табылды, түн кирип кеткенине байланыштуу наристени издөө 19-июлда уланат деп маалымдады.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашуун адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата 25 %га өстү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG