Украина: Орусия соңку чабуулду "Брянск үчүн өч алуу" деп атады

Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы жасалган соңку тынымсыз ракеталык чабуулду "Брянск облусундагы 2-марттагы теракт үчүн өч алуу" деп билдирди. Министрлик тараткан маалыматта Украинанын маанилүү аскердик инфраструктурасы, коргонуу тармагындагы өнөр жай комплекстери, ошондой эле, аларды электр энергиясы менен камсыз кылган объекттер бутага алынганы жазылган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттердеги баракчасына "орусиялык ракеталык чабуул аскердик максатты көздөбөгөнүн" жазды жана соңку аткылоону "катардагы орус жырткычтыгы" деп сыпаттады.

Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинанын аймагын ракетадан тынымсыз аткылаган. Бул чабуулда кеминде алты жай тургун мерт болду.

Киев жалпысынан 81 ракета атылганын, анын айынан бир катар облустарда үйлөр, имараттар жана маанилүү энергетикалык, инфраструктуралык объекттер кыйраганын билдирген.

Дагы караңыз

Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду Орусия Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды Кемпир-Абад иши: Масалиев депутаттарга айып коюуну сындады Sky News: Иран Орусияга тымызын көп курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн