Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду


Шаардын Гросс Борстель районунда полициянын операциясы уланып жатат.
Шаардын Гросс Борстель районунда полициянын операциясы уланып жатат.

Германиянын Гамбург шаарында 9-мартта кечинде "Жахабанын күбөлөрүнүн" борборлорунун бириндеги куралдуу кол салууда кеминде алты адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланууда. Полиция бул кандуу окуяда мерт болгондордун санын азырынча так айта элек.

Укук коргоо органдары ок чыгарууга шек саналган адамдын дагы сөөгү табылганын билдирди. Шаардын Гросс Борстель районунда полициянын операциясы уланып жатат.

Кылмышка шектүү кандай себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Мындан улам полиция жарандарга кайрылып, ар кандай ушак-айың, божомолдорго ишенбөөгө жана таратпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG