Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Парламентте президенттин Оштогу өкүлү Жамалдиновго сын айтылды


Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Жогорку Кеңеште 9-марттагы жыйында президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновго байланыштуу сын-доомат айтылды. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирди. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алып алган, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылды.

"Бир күн дагы бизнес кылбай туруп ушунча жерге, ушунча мүлккө ээлик кылганы президенттин өкүлүнө моралдык-этикалык жактан уят нерсе. Атайын кызмат, прокуратура муну текшерип чыксын. Өзүнүн ыйгарым укуктарына таянып, айыл өкмөттөрдөн мектеп директорлоруна чейин, керек болсо райондогу кадр маселелерине чейин кийлигишкени туура эмес. Бизнеске, инвесторлорго дайыма бут тосуу менен алек. Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Мен анын Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин",-деди Коргонбай уулу.

Жамалдиновго байланыштуу Эмилбек Жусупов менен Алишер Козуев дагы маселе көтөрдү. Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев мындан улам президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып маселени президентке жеткирүүнү суранды.

Жамалдинов өзү тууралуу дооматтарга азырынча үн ката элек. Ал президенттин Оштогу өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган.

Жамалдинов 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон.

XS
SM
MD
LG