Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын бийлиги Европа Биримдигинен Орусияга жөнөтүлгөн, эл аралык санкцияга кабылган жүктөрдү өткөрбөй калды. Бул тууралуу бир катар логистикалык компаниялардын өкүлдөрү кабарлады. Мындай чектөөлөр Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Анкарага келип кеткенден кийин башталганы айтылууда.

Бейшемби, 9-мартка карата санкциялык тизмеде он миңден ашык аталыштагы товарлар, анын ичинде электроника, тетиктер, химиялык заттар жана өнөр жай жабдуулары бар. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, өткөрүлбөй калган жүктөрдүн бир жылдык жалпы баасы 3 миллиард доларга чейин жетиши мүмкүн.

Былтыр жыл аягындагы расмий маалыматка ылайык, Түркиянын экспортунда көлөмү жагынан Орусия үчүнчү өлкө болгон жана жалпы жөнөтүлгөн товардын баасы 1,3 миллиард доллар деп бааланган.

Журналисттик иликтөөлөрдөн Түркия өткөргөн товарлардын арасында санкцияга илинген, коргоонуу тармагындагы өндүрүштө колдонулган электроника бар экенин, ага өлкөнүн Коопсуздук башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин жакын туугандары аралашканы белгилүү болгон.

Энтони Блинкен Түркияга өткөн айда расмий сапар менен келип кеткен Voice of America сайты анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы "Вашингтон Анкара менен Москванын тыгыз байланышына камтамачылык билдирет" деп айтканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG