Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Орусия Украинага каршы тынымсыз ракеталык чабуул жасады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясы 9-мартка караган түнү Украинага каршы тынымсыз ракеталык сокку урду. Бир катар облустарда жардыруу болуп, маанилүү энергетикалык объектилер жабыркады жана жарадар болгондор да бар.

Киев облусунун аскердик администрациясы опурталдуу абал сакталып турганын эскертип, жарандарды коопсуз жайларда болуп турууга чакырды.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Голосеевск районунда жардыруу болгонун кабарлады. Анын маалымдашынча, ал жерде куткаруучулар иштеп жатат. Святошинск районунда жардырууда эки адам жараат алды.

Харьковдун башчысы Олег Синегубов бул облуска кеминде 15 жолу чабуул жасалганын айтты. Маанилүү инфраструктуралык объектилер бутага алынганын, бир үй жабыркаганын билдирди. Жараат алгандар тууралуу маалымат такталып жатат.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко энергетикалык объектилерге ракета тийгенин, үйлөр кыйраганын айтты. Чабуулдун айынан электр энергиясы менен камсыздоого чектөө киргизилди.

Хмельницк облусуна дагы чабуул жасалды, аймактын жетекчилери тургундарды абадан эскертүүлөрдү эске алууга чакырды.

Москва соңку тынымсыз ракеталык чабуулдарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Учурда Украинанын Бахмут шаарында айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG