Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Отунбаева ооган аялдарына жасалган куугунтуктун кесепетин эскертти


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева бул өлкөдөгү аялдардын абалына тынчсыздануусун билдирди. Анда бийликке келген "Талибан" кыймылы миллиондогон аялды үйгө камап, алардын билим алуусуна тыюу салганын белгиледи. Ошондой эле аялдарга карата жасалган репрессиянын кесепети оор болорун, Ооганстан ансыз деле гуманитардык, экономикалык каатчылыкты баштан кечирип жатканын эскертти.

"Ооган аялдарын, кыздарды коомдук жашоодон атайлап, системалуу түрдө сүрүп чыгарып жатканын байкоо өтө кейиштүү",- деген Отунбаева.

Улуттар Уюму 8-мартта, Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүндө билдирүү таратып, "Талибан" өкмөтү аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланганын билдирген. Дүйнөлүк уюм эл аралык коомчулук тааныбаган Кабулдагы бийликти кыз-келиндердин укуктарын чектеген эрежелерди жокко чыгарууга чакырган.

2021-жылдын августунда Ооганстандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгып кеткенде, бийликке кайра келген радикал исламчыл топ адегенде аялдардын укуктарын коргоону убада кылган.

Бирок кыз-келиндердин билим алышына, эл аралык уюмдарда, бейөкмөт мекемелерде эмгектенишине, ээн-эркин басып-турушуна тыюу салынды. Өлкөдө гуманитардык кризис күчөп, элди ачарчылык, кедейчилик тооруду.

Эл аралык эмгек уюму бул өлкөдө аялдар арасында жумушсуздук 25% өскөнүн билдирди.

7-мартта "Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Кабулда 20дай аял нааразылык акциясын уюштуруп, эл аралык уюмдардын оогандарды коргоону суранды.

"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган.

XS
SM
MD
LG