Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Sky News: Иран Орусияга тымызын көп курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Sky News телеканалы Иран Орусияга тымызын ири өлчөмдө курал-жарак бериши мүмкүндүгү тууралуу иликтөө жарыялады. Анда Каспий деңизи аркылуу келген 100 миллион даана ок-дары жана 300 миң артиллериялык снаряд тууралуу сөз болгон.

Журналисттердин ырасташынча, быйыл январда Ирандын портторунан Астраханга эки жүк ташуучу кеме келген жана анда курал-жарак жүктөлгөн 200дөй контейнер болгон. Атайын кызматтагы булактар аталган телеканалга эки кеме тең Орусиянын желеги менен сүзүп келгенин жана Москва жүк үчүн накталай акча төлөгөнүн кабарлаган.

Кемелердин жүрүшүн каттаган электрондук система январда эки кеме Ирандан Астраханга келгенин көрсөткөн жана бул спутниктен тартылган сүрөттөргө да түшүп калган.

Кемелерде кандай жүк болгонун башка булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес. Орус бийлиги жана кемелердин кожоюндары комментарий берүүдөн баш тарткан.

Киев Москваны согушта жарандык объекттерге чабуул жасоодо Ирандын "Шахед" дрондорун колдонуп жатканын айтып айыптап келет. Буга чейин Тегеран Орусияга жүздөгөн дрон бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Москва мындай кабарларды жокко чыгарган.

Былтыр ноябрда Иран Орусияга учкучсуз аппараттарды жөнөткөнүн биринчи жолу бышыктаган, бирок Орусия Украинага каршы согуш баштаганга чейин чакан өлчөмдө берилгенин айткан.

XS
SM
MD
LG