Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталган Жоомарт Карабаевдин соту 30-октябрда өттү.
“Сот бүгүн туура чечим чыгарды. Мен бийликти күч менен басып алууга, элди массалык башаламандыкка чакырган эмесмин. Андай оюм да болгон эмес”, – деди Жоомарт Карабаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Иш 8-октябрдан баштап Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштаган.
Жоомарт Карабаев коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал 18-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирген. Атайын кызмат бул арыз-даттануулар тууралуу комментарий берген эмес.
“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкеринин арызын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.
Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес
Буга чейин укук коргоочулар Кыргызстанда журналисттер, блогерлер, активисттер соттук-лингвистикалык эксперттердин туура эмес корутундусунан улам айыпсыз абакка кесилген учурлар көп кездешип жатканын билдиришкен.
"Кылым шамы" укук коргоо уюму өткөргөн талкууда Улуттук илимдер академиясынын (УИА) укуктук суроолор боюнча соттук-экспертиза жүргүзүүсүнө Академия тууралуу мыйзам да, мекеменин уставы да жол бербей турганы айтылган.
Жарандык коом соңку жылдары Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү - "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар", 327-беренесинин 1-бөлүгү - "Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар" жана 330-беренеси - "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деген оор беренелер менен айыпталган жарандар көбөйгөнүн айтып келишет.
2023-жылы биринчи соттук инстанцияларда ушул үч берене боюнча 19 кылмыш иши каралып, 30 адам соттолгон.
2024-жылдын биринчи жарымында биринчи бутактагы сотторго жогорудагы беренелер менен 71 кылмыш иши түшкөн. Анын ичинен 40 иш каралып бүтүп, 28 адам соттолгон.
(Макала толукталат)