Ботбаев Кылмыш-жаза кодексинин 327- (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 330- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренелери менен күнөөлүү деп табылган.
"Прокурор 12 жылга абакка кесүүнү талап кылды"
Адвокат Нурлан Токталиев прокурор Ботбаевди 12 жылга абакка кесүүнү сураганын айтты.
"Прокурор 12 жылга абакка кесүүнү талап кылды. Бирок сот 326-беренени 327-беренеге алмаштырып, 120 миң сом айып пул салган чечим чыгарды. Күнөөнү менин жактаган жаран толук мойнуна албай турганын билдирди. Ал ошондой эле эч кандай бийликти басып алууга планы, максаты болбогонун, тескерисинче өлкөдө туруктуулукту колдой турганын айтты. Эксперт дагы жарыяланган билдирүүдө эч кандай басып алуу чакырыктары болбогонун билдирди. Бирок кандайдыр бир себептерден улам тергөөчү ал административдик мекемелерди басып алат деген бүтүмгө келди, биз үчүн бул табышмак болуп жатат".
Тариел Ботбаевди 17-майда Аламүдүн райондук милиция кызматкери үйүнөн кармап кеткен. Анын кармалышы боюнча күч органдары комментарий берген эмес.
Ал камалганга чейин Фейсбукта сүрөттөр менен афоризмдерди, ойчулдардын айткан сөздөрүн жазып келгенин көрүүгө болот.
"Айып пул менен чыгасыңар дегенде сүйүндүк"
Айыпталуучунун бир тууганы Нүргүл Ботбаева райондук соттун чечими боюнча пикирин мындайча билдирди:
"Чынын айтканда айып пул менен чыгасыңар дегенде сүйүндүк. Бирок бул деле оңой сумма эмес, эч нерсе кылбаса дагы. Ошентсе дагы ошол убакта абакка кесилгенден көрө туура деп чечтик. Ден соолугу да начарлап бараткан. Албетте, өзү дагы чыккысы келип жүрдү. Элестетсеңиз жабык жайда, жайдын аптабында беш айдай отурду. Аны үстүнө буту, боору дагы ооруп жаткан. Эми биз мындан ары барууга коркуп жатабыз. Артык кылам деп тыртык кылып албайлы деп турабыз. Бирок ал чынында эле эч жаман ою, жаман максаты жок болчу".
Ошондой эле Ботбаева учурда агасы дарыланып жатканын кошумчалады. 54 жаштагы Тариел Ботбаев Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштечү. Азыркы учурда убактылуу бош экенин жакындары айтышты. Ал үй-бүлөлүү, бир кызы бар.
Соңку убактарда Кыргызстанда социалдык тармакка жазган пикири же бөлүшкөн маалыматы үчүн абакка кесилип, ошондой эле пробация же айып пул менен чыккан учурлардын бир нечеси катталды.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктаган.
Кармалгандар арасында 70 жаштагы пенсионерден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар.
Жакында эле Жогорку сот жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди пробация менен бошотсо, июнь айында сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.
Ал эми 17-октябрда акын жана активист Аскат Жетигенди Бишкек шаардык соту үч жылга абакка кескен Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Ушул эле сыяктуу Фейсбуктагы баракчасына жазганы үчүн Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев да айыпталып, абакта отурат.
Алардын бардыгы мындай чечимдерге макул эместигин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет.
"Баарын жакшы дей берсе чыныгы маселе айтылбай калат"
“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова пикирин ачык айтып, мыйзамсыз иштерди ачыктагандар жоопко тартыла берсе "маалыматтык вакуум" пайда болуп анын кесепети болорун айтууда.
"Маалыматтык вакуум" деп коет, эгер "жакшы, жакшы" дей берсек, чыныгы маселеси бар жерлер айтылбай калат. Эгер мен чындап эле көйгөйдү көрүп, бирок "айтпай эле коеюн" десем, башкасы айтпайт, үчүнчү киши дагы айтпайт. Ошентип ал көйгөй топтоло берип, чечилбейт. Мындан биринчиден бийликке элдин ишеними кетет, "бизге көңүл бурбайт экен" деп калышат. Мисалы, уран боюнча эч кимдин айткысы келбейт, коркот, анткени баарын камайбыз деп жатат. Бирок эртеңки күнү ошол жерде кишилер ооруп, катастрофа болуп жатса эл айтпайт да ал оору тарап кетет. Бул канчалаган кыргызстандыктардын башына түшүп калышы мүмкүн. Бул жакшы эмес".
Ал тапта медиа каражаттарында, интернетте жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча талаштуу мыйзам долбоору парламент талкуусуна коюлду. Анда маалымат каражаттарында, интернет же социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга 100 миң сом, юридикалык тараптарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.
Маданият министрлиги демилгелеген документ 27-августта коомдук талкууга коюлгандан эле эки ача пикирлерди жаратып келет.
Сентябрдын соңунда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде, мыйзам боюнча мындай пикирин айткан.
"Мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат".
Ушул сыяктуу мыйзам, тескөөлөрдөн улам бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндиги чектелип жатканына камтамачылыгын билдирүүдө.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Өлкөнүн расмий жетекчилери сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын такай жооп кылып келүүдө.