Буга чейин айыпталуучу аталган баракча фейк-аккаунт экенин айтканына карабастан, сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери менен айыптуу деп таап, 3 жыл 6 айга кескен. Талдоочулар мындай аракеттердин максаты - коомчулукту сын-пикир айтуудан оолактатуу экенин белгилеп, муну аша чапкандык катары баалап жатышат.
Укук коргоочулар соңку учурда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар), 326 (Бийликти күч менен басып алуу), 327 (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар), 330 (улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) беренелери менен көп иштер козголуп жатканын билдиришет.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соңку кездери аталган беренелер боюнча кылмыш иштери козголгондон кийин талаштуу экспертизалар жасалып, анын жыйынтыгы соттун чечимине эбегейсиз таасирин тийгизип жатканын билдирди:
«Мен атайын изилдеп чыктым, бул эл аралык тажрыйбада «саясий экспертиза» деген түшүнүк жок экен да. Бирок бизде ушундай бир жаңы терминди таап алышып, жаңы термин менен «бизге саясий экспертиза жасап бергиле» деп, илимдер академиясына жөнөтүп, ошол жерден бир бөлүмдү эксперт деп өзүлөрү атап коюшуп, жаш илимий кызматкерлерди отургузуп коюп, анан ошолордун колу менен куугунтук болуп жатат”.
OCCRP жана Темиров LIVE долбоорунун иликтөөсүндө Фейсбуктагы пикир үчүн айыпталган Каныкей Аранованын иши боюнча да УКМК Юстиция министрлигине кайрылып, билдирүүлөрдү талдап чыгууну өтүнгөнүн, министрлик өз кезегинде Улуттук илимдер академиясына “комплекстүү соттук-лингвистикалык жана илимий-саясий экспертиза жүргүзүү” өтүнүчү менен кайрылганын, иштин материалдары боюнча анализ бир суткада жасалганын белгилешкен.
Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.
“Эми элге баарына белгилүү Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бүт баарына илимдер академиясынын экспертизасы чыккан. Кармалып отурган 11 журналистке да илимдер академиясынын экспертизасы чыккан. Мына Өндүрүш Токтонасыров, Каныкей Аранова, Зарина Төрөкулова, Олжобай Шакир, иши кылып сүйлөп эле койгондорго ошол илимдер академиясынын экспертизасы чыккан. Ал деген мыйзамда каралган эмес. Ал деген мындай караганда мыйзамсыз”, - дейт Азиза Абдирасулова.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев Фейсбуктагы баракчасына Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын жазып чыккан. Көп узабай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Жоомарт Карабаевди суракка алып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-августка чейин камакка алган. Ага карата дагы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы белгилүү.
Саясат талдоочу Эмил Жороев мындай көрүнүштөрдү бийликти сындагандарды чектөө аракети катары сыпаттады:
“Мунун максаты - цензура, жеке цензураны күчөтүүгө багытталган деп ойлойм. Фейсбукка болобу, башка социалдык тармакка болобу “эмне деп жазганыңарды иргеп, өзгөчө кескин сын-пикирлерди айтуудан баш тарткыла, ошол бийликти же мактап, же такыр саясатка, коомдук жашоого тиешеси жок нерселерди гана жазсаңар болот” дегендей сыяктуу бир мааниде. Бул менимче туура эмес. Жөн гана сөздөрү үчүн жоопкерчиликке тартуу, өзгөчө камакка алуу аркылуу жоопкерчиликке тартуу менимче аша чапкан, ашкере бир аракеттер болуп жатат”, - дейт Эмил Жороев.
Бирок бийликтегилер мындай дооматтарды четке кагып келишет. Буга чейин “Азаттыкка” курган маектеринде президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бийлик соттун ишине кийлигишпей турганын айткан:
"Баары эле мурда көңүп калган пикир менен эле "саясий чечим" деп сыпаттай беришет. Азыр бийлик башындагылар сотко эч кандай басым көрсөтпөйт, сот бийлиги эркин чечим кабыл алууда. Муну саясатчылар да, эксперттер да, калк да убакыт өткөндө түшүнөт".
15 июлда Чүй облустук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. 1-июлда Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кескен. Июль айынын башында сот социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган эки аялды - активист Зарина Төрөкулованы беш жылга, Каныкей Аранованы 3,5 жылга кескен.
Июнь айында сот укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. Алардын бардыгы мындай чечимдерге макул эместигин билдирип, айыптоолорду четке кагып келишет.