Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

Газа: Израилдин соккусу 90дой кишинин өмүрүн алды


Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына жасалган ЦАХАЛдын соккусунан набыт болгон адамдын сөөгүн көтөрүп бараткан палестиндер. 29-октябрь, 2024-жыл.
Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына жасалган ЦАХАЛдын соккусунан набыт болгон адамдын сөөгүн көтөрүп бараткан палестиндер. 29-октябрь, 2024-жыл.

Израил армиясынын Газанын түндүгүнө жасалган бүгүнкү аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Арасында ондогон аялдар жана балдар бар экенин анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Соңку жумаларда Израил армиясы АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун жоочуларын жок кылуу максатында аскердик операциясын күчөткөнү кабарланууда. Ал арада Израил парламентинин Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген БУУнун агенттигинин ишине тыюу салышын эл аралык коомчулук сынга алды.

Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына жасалган аба соккулар беш балалуу жана алты балалуу эки эненин өмүрүн алды. Жакын жерде жайгашкан Камал Адван ооруканасы саналуу сааттын ичинде жараат алгандарга толуп калды. Алардын көбүнө шашылыш операция керек экенин оорукананын башкы дарыгери Хоссам Абу Сафия айтты:

"Бүгүнкү таң биз үчүн кандуу калабадан башталды. 300дөй киши жашаган көп кабатуу имаратка сокку урулду. Биздин ооруканага 90дой адамдын сөөгү жана 45тен ашуун жарадарлар алып келинди. Камал Адван ооруканасы жана анын тегерек-чети жөн эле тозокко айланды. Медициналык каражаттар, дары-дармек тартыш. Хирургияга адистешкен медкызматкерлердин көбү камалгандан кийин медиктер да жетишсиз".

Дарыгер белгилеп өткөндөй, дем алыш күндөрү израил аскерлери ооруканага кирип барып, ондогон медиктерди ХАМАСтын жоочулары деген жүйө менен кармап кеткен. Учурда ооруканада жалгыз педиатр иш алып барууда.

Окуяны АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер да сынга алды.

"Жыйырмадан көп бала тууралуу кабарлар бар. Алардын айрымдары эки жылдан бери бул согуштан аман калуунун аргасын көрүп келгендер. Биз Израил өкмөтүнө кайрылып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүүсүн сурандык", - деди Миллер.

Израил армиясынын Бейт-Лахия шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 29-октябрь, 2024-жыл. Газа.
Израил армиясынын Бейт-Лахия шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 29-октябрь, 2024-жыл. Газа.

ЦАХАЛ Бейт-Лахияга жасалган биринчи сокку боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирип, экинчи сокку тууралуу үн каткан жок.

Газадагы согуштун тутанышына ХАМАС радикал уюмунун былтыр октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда согушкерлер 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөйүн барымтага алып кетишкен.

Алардын айрымдары ушул күнгө чейин бошотулган. Учурда Газадагы жоочулардын колунда 100дөй туткун бар болушу мүмкүн. Алардын үчтөн бир бөлүгү тирүү эмес деген кабарлар дагы бар. ХАМАСтан өч алып, уюмду толугу менен жок кылуу максатында Израил армиясы Газадагы операциясын баштаган. Бир жылдан ашуун убакыттын ичинде анклавда 43 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Алардын канчасы карапайым тургун, канчасы ХАМАСтын жоочусу экени белгисиз. Тилкенин 2,3 миллион калкынын 90% бир нече жолу жер которууга аргасыз болушту. Алардын айтуусуна караганда, учурда Газада коопсуз жер калбады. Аймакта гуманитардык кризис өтө курч. Тамак-аш, дары-дармек жетишсиз.

Палестиндерге жардам берген агенттиктин иши чектелди

Израил парламенти Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам көрсөткөн агенттигинин (UNRWA) ишмердигине тыюу сала турган мыйзам кабыл алды. Аны АКШ да сынга алды. Мэтью Миллер бул боюнча терең тынчсыздануусун билдирип, агенттиктин "палестиндерге кызмат көрсөтүүдөгү маанилүү ролун" белгиледи.

Ушундай өңүттөгү тынчсыздануусун Германия, Франция, Улуу Британия, Канада, Австралия, Жапония жана Түштүк Корея да билдиришти.

Учурда Газаны жана Батыш жээкти дээрлик бүт бойдон Израил көзөмөлдөп жаткандыктан, уюм мындан ары анклавда кантип иш алып барары белгисиз.

UNRWA агенттигинин Газадагы кеңсесинин жанынан өтүп бараткан израил аскерлери. 8-февраль, 2024-жыл.
UNRWA агенттигинин Газадагы кеңсесинин жанынан өтүп бараткан израил аскерлери. 8-февраль, 2024-жыл.

"Эгер UNRWA ишин жүргүзө албай калса, жакын арада Газада гуманитардык система кыйраганына күбө болушубуз мүмкүн. ЮНИСЕФ абдан маанилүү жүктөрдү бөлүштүрө албайт. Мен вакциналар, кышкы кийим-кече, гигиеналык каражаттар, дары-дармек жана башка нерселер тууралуу айтып жатам. Мындай кокустан кабыл алынган чечим балдарды өлүмгө дуушар кылуунун жаңы жолу дегенди билдирет", - деди ЮНИСЕФтин маалымат катчысы Жеймс Элдер.

Израилдин эсебинде, сөз болуп жаткан агенттикке ХАМАСтын жоочулары кирип алышкан. ЦАХАЛдын жүйөсүнө караганда, радикал уюм БУУнун агенттигин өз ишмердигин калкалоо үчүн колдонуп келет. Улуттар Уюму мындай айыптоолорду четке кагууда.

Израил өкмөтүнүн өкүлү Давид Менсер Газага гуманитардык жардам үзгүлтүксүз кирерин, болгону аны БУУнун башка мекемелери менен бирге ашыруу пландалып жатканын билдирди.

UNRWA 1948-жылкы согуштан бери миллиондогон палестин качкындарына билим берүү, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча жардам берип келет.

XS
SM
MD
LG