Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

Камчыбек Ташиев коррупция жоюлбай жатканын айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бийликте отургандар менен мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында коррупция дагы деле толук жоюлбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 31-октябрда Ош облусунда Ош - Ноокат - Раззаков автожолунун жаңыланган бөлүгүн ачуу иш-чарасында билдирди.

“Биз кайсы бир деңгээлде коррупцияны азайтууга жетиштик. Бирок аягына чыга элекпиз. Булар өтө көп экен. Күнү-түнү иштеп атабыз. Аягына чыга албай атабыз. Бирок аягына чыгарабыз”, - деди ал.

Ташиев 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу аземинде жемкорлукка айыпталып сот жообуна тартылгандар сөзсүз абакка отурушу керек экенин айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган.

Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алып салынган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин да берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.

Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылгандар айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон.

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG