Ысык-Көлдө “Улукман” коомдук бирикмеси эркектердин кризистик борборун ачууну пландап жатат. Бирикменин аймакта жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эркектер көйгөйүн ачык айтпайт.
Жашоодо кыйын кырдаалга кабылган эркектерге колдоо көрсөткөн Медер өзү да бир кезде баңги болгон. Жаман адатын таштай албай койгонун көргөн жакындары, бир туугандары андан түңүлүп, кол үзгөн экен. Медер кокусунан кезиккен жакшы адамдын көмөгү менен азаптан кутулуп, жаңы жашоо баштаганын айтып отурду.
«Ошол жылдары көчөдө калгам. Баңгизат колдонгон адам менен эч ким сүйлөшкүсү келбейт экен. "Таштайм” деп бир эмес, бир нече жолу аракет кылып, эрким жетпей койду. Ошол кезде жакшы аялга жолугуп калдым, ал мени бул абалдан сууруп чыкты. Анан “Улукман дарыгерге” жумушка орноштурду. Биздин коомдо аялдар көйгөйүн айтса, элдин боору ачып, колунан келген жардамын берет. Ал эми эркек айтса, “уялбайбы” деп жаман көрүшөт. Ошондуктан эркектердин көбү кайгы-муңун ичине сактап, акырында ар кандай жаман жолго түшүп кетет».
Медер акыркы жылдары өзүндөй абалга кабылган эркектерге жардам берип, ыктыярчы болуп иштеп келет.
«Абактан чыккан, аракечтикке берилген, баңгизат колдонгон эркектерди биздин коом кабыл албайт. Алар ушунун айынан жумушка дагы орношо албайт. Анан ичип алат, чегет, кайра эле кылмышка барат. Бир туугандары, үй-бүлөсүнөн ажыраган эркектер ар кайсы жерде конуп-түнөп жүрүп оорушат. Мисалы, кургак учукту, сарыктын оор түрлөрүн, ВИЧ жана башка инфекцияларды жугузуп алышат. Аларды дарылаган эч ким жок, демек оорусун башкаларга да таратып жатышат. Жакшы жашоо баштайын дейт, бирок жолун таба албайт. Чет өлкөлөрдө көчөдөгү ит, мышыктарды деле атайын баш калкалоочу жайда карап жатышпайбы. Бизде жаныбар эмес, адамдар каралбай калганы өкүнүчтүү».
“Улукман дарыгер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Улан Турсунбаев акыркы айларда жардам сурап кайрылган эркектер көбөйгөнүн айтууда. Көпчүлүк учурда алар жакындарына батпай жалгыз калат.
Турсунбаев мындай эркектерди биринчи кезекте баш калкалоочу жай менен камсыздап, анан жумуш ордун түзүү керектигин айтты:
«Азыр биз Каракол шаардык мэриясы менен биргеликте эркектерге арналган кризистик борборду ачуу тууралуу долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Шаардык бийлик “Каракол автобазасына” тиешелүү эки кабат имаратты берген. Бирок ремонт ишине өтө көп каражат керек экен. Ошондуктан альтернативдүү варианттарды караштырып, демөөрчүлөрдү тартканга аракеттенип жатабыз. Мисалы, “Химая” аялдарды коргоо борборубузду “Сорос” фонду сатып берген. Ал мурда жеке менчикке караштуу жер там болчу. Анда төрт жылдан бери бир топ аялдар реабилитациядан өттү. Көбүн жумушка орноштурдук, балдарын окутууга көмөк көрсөттүк».
Улан Турсунбаев азыр абактан чыккан, аракка берилип кеткен жана стресске кабылган эркектерди реабилитациялоонун бир нече жолдору каралып жатканын билдирди.
«Абактан чыккан жана аракечтиктен жапа чеккен кишилерге ширетүүчү, электрик, сантехник сыяктуу кесиптик билим берүү үчүн жабдыктарды алганы жатабыз. Абактан көбүнесе кол өнөрчүлүктү үйрөнүп чыгышат, айрыкча жыгач менен жакшы иштешет. Туристтик Каракол үчүн мындай өнөрпоздор керек. Биз аларга жабдыктарын алып берсек, алар жыгачтан сувенир жасайт эле. Аны туристтерге сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, акча табышмак. Акырындап жакшы жашоого кайтууга стимул болмок. Биздин эң башкы максатыбыз – турмуштан кыйналган эркектерди үй-бүлөсү менен жараштыруу, каражат табууга үйрөтүү, жаман адаттардан арылтуу болуп саналат».
Эркектердин кризистик борборун ачып, толук кандуу иштетүү 2021-жылдын күз айларына пландалып жатат.
Коомдук укук коргоочу, психолог Мария Личаню жардам сурап кайрылган эркектердин арасында көбү психологиялык жардамга муктаж болушарын белгиледи.
«Биз патриархалдык коомдо жашайбыз. Бизде эркек күчтүү, табышкер, ар тараптуу өнүккөн адам болушу керек. Кээ бир эркектер андай талаптарга жооп бере албайт. Ошондо үйдөгү аялы, жакындары анын колунан эч нерсе келбей турганын айтып, психологиялык басым жасашат. Ал эми эркектер мындай моралдык басмырлоого көп учурда туруштук бере албайт. Алар күчүн ичкиликтен, баңгизаттарынан чыгарышы мүмкүн. Андан аркысы – талкаланган тагдыр. Ошол себептүү биз эркектерге моралдык колдоо көрсөтүп, кээ бир учурда жумушка орношконго жардам беребиз. Бирок бул жетишсиз. Атайын мамлекеттик программа иштесе, жыйынтык жакшы болмок».
Ошол эле маалда үй-бүлөлүк зомбулукка дагы кабылган эркектер бар. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов өткөн жылы эки эркек киши арыз менен милицияга кайрылганын айтты.
«Жоруктар кодексинин 75-беренеси (үй- бүлөлүк зомбулук) боюнча өндүрүштө 632 арыз каралган, анын 365 арызы өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, 62 иш соттун кароосуна жиберилген. 2020-жылы аялдар тарабынан эркектерге карата эки зомбулук фактысы катталган. Ал эми ушул жылдын эки айында аялдар тарабынан эркектерге карата зомбулук көрсөтүү боюнча дагы эки арыз катталды».
Ысык-Көлдө зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн беш кризистик борбор ачылган. Ал эми эркектер баш калкалап, ар тараптуу жардам ала турчу борбор жок. Болгону кыш айларында селсаяктар үчүн "Кызыл ай" коому менен Каракол шаардык мэриясы биргелешип, убактылуу баш калкалоочу жай ачып турат.