Үч күн мурда айтылуу Тянанмэн аянтында кара түтүн уюлгуп, кеминде беш кишинин өмүрү кыйылган эле.
Кытайдын мамлекеттик телесинин диктору 30-октябрдагы билдирүү учурунда үч күн мурда Тянанмэн аянтында болгон окуяны террордук акт деп атады. Ал үчүн шектелген беш адам камакка алынганы да мамлекеттик теледен жарыяланды:
- Кабарчылар Бээжиндин коомдук коопсуздук боюнча жаңылыктар мекемесинен 28-октябрда орун алган инцидент абдан кылдат даярдалган, уюштурулган, пландалган, кыянатчыл террордук акт экендигин билишти. Азыркы баштапкы тергөөнүн учурунда инцидентке катышы бар деп шектелген беш адамдын баары камакка алынышты.
Кытай бийликтеринин жана чет элдик маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдурган көрүнүш Тянанмэн аянтынын туристтер көп жүрүүчү борбордук бөлүгүндө, Мао Цзедундун портрети илинип туруучу трибунанын жанында болгон эле.
Чак түшкө жакын капыстан эле ал жерден кара түтүн уюлгуп чыккан.
Бул аянттын автокыймылга тыюу салынган бөлүгүнө кирип кеткен унаа, күбөлөрдүн айтымында, катуу ылдамдыкта келип, адегенде топтолуп турган адамдарды, андан соң тосмону сүзүп токтогондон кийин болгон. Унаанын артынан кууп келген полиция бул көрүнүштүн алдын алууга жетишкен эмес. Окуя учурунда кеминде беш адам өлүп, 38 киши жабыр тарткан.
Өкмөттүк “Синхуа” агенттигинин кабарына караганда, өлгөндөрдүн үчөө автоунаанын ичиндегилер. Экөө чет элдик жана жергиликтүү туристтер. Чет элдик туристтер жабыр тарткандар арасында да бар.
Окуядан кийин полиция Тянанмэн аянтын коомчулук үчүн жапкан. Коопсуздук күчтөрү сегиз адамды издеп, Бээжиндин мейманканаларына маалымат жолдогону, тизмедегилердин аты-жөнү уйгурлардыкына окшош экендиги айтылган.
Коопсуздук органдары Бээжиндин борборунда дүрбөлөң салгандардын уйгур жикчилерине тиешеси бардыгын иликтеп жатканын шейшемби күнкү басма сөз жыйында Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунин да жокко чыгарган эмес:
- Кытайдын тиешелүү мекемелери тергөө иштерин жүргүзүүдө колдон келгендин баарын жасап жатат. Ошол эле кезде биз Шинжаңдын кээ бир райондорунда террор жана кыянатчылык жасоо көрүнүштөрү бардыгын моюнга алабыз. Мындай учурларда Кытай өңдүү эле кайсы өкмөт болбосун социалдык стабилдүүлүктү кармоо, калктын өмүрүн жана мүлкүн коргоо үчүн аларга каршы чечкиндүү күрөшүүсү керек.
“Стратфор” иликтөө уюму Тянанмэндеги азыркы окуя бийликтеги Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин үчүнчү пленардык сессиясы алдында болгонуна көңүл бурду. Анткени борбордук аянт азыр да бийликке ичи чыкпаган же ага каршы элементтердин нааразылык билдирүүдөгү символикалык жайы бойдон калып жатат. Ноябрдагы жыйында партия олуттуу экономикалык реформалардын башталышы жөнүндө жарыялаары күтүлүүдө.
“Стратфор” белгилегендей, Кытайда колунда бар куралын же аспабын колдонуп майда кыянатчылыктарга жерин же үйүн алдырып, адилетсиздикке тушуккан ханзулардын өздөрү да барышат. Тянанмэндеги окуядан кийинки кара түтүндү эске алганда, бул өзүн-өзү өрттөө актысы да болушу ыктымал.
2009-жылы да Бээжинде ушул сыяктуу окуя болгон эле. Анда Бээжиндин эл кыжылдаган бөлүгүнө унаа менен келген үч уйгур бийликке нааразылыгын өзүлөрүнө бензин чачып, өрт коюу менен билдиришкен.
Расмий Бээжин Шинжаңдагы террордук чабуулдар үчүн уйгур уюмдарын айыптайт. Ал эми уйгурлардын сүргүндөгү топтору кытай бийликтерин баарын кытайлаштырып жатканы үчүн күнөөлөшөт.