Орусия АКШ Украинага америкалык курал менен алыскы аралыкка атууга уруксат бергени тууралуу кабар боюнча үн катты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 18-ноябрда эгер ошол маалымат чын болсо, анда абалдын курчушуна алып келиши ыктымал экенин айтты.
"Эгер чынында эле ошондой чечим кабыл алынып, киевдик режимге жеткирилген болсо, анда бул чыңалуунун жаңы айлампасы жана кармашка Кошмо Штаттар аралашкан жаңы кырдаал болот", - деди Песков.
АКШ президенти Жо Байден америкалык куралды Орусиянын аймагындагы аскердик объектилерди атуу үчүн колдонууга уруксат бергени тууралуу маалымат 17-ноябрда чыкты, бирок азырынча расмий тастыктала элек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана аскердик жетекчилиги мындай мүмкүнчүлүк берүүнү Кошмо Штаттардан бир нече айдан бери суранып келе жатышат. Себеби АКШ да, НАТО өлкөлөрү да украиндерге Орусиянын аймагына атуунун алыстыгы боюнча чек коюп коюшкан.
Зеленский "Бизге уруксат берилгенин айтып жатышат. Бирок сокку сөз менен урулбайт. Мындай нерсени жар салбайт. Ракеталар өзүн көрсөтөт", - деп билдирди. (RK)
Шерине