Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

18-ноябрь: 10 айда 75 өспүрүм өз жанын кыйды, Сибирде мигранттар бала бакчада иштей албайт


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

18-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бычакталып каза болгон келиндин күйөөсү камакка алынды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бычакталып каза болгон 27 жаштагы келиндин окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү – “Мыкаачылык менен адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, күйөөсү камакка алынды. Окуя 15-ноябрдын таңында болгон. Бычак жеген келин “Тез жардам” ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза тапкан. Ооруканага бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы адам да жеткирилген. Милиция жубайлар кызганычтан улам уруша кетишкенин кабарлаган. Иликтөө иштери уланууда.

Быйыл 10 айда 75 өспүрүм өз жанын кыйды

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында 75 өспүрүм өз жанын кыйганын айтты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт учурга аз. Былтыр 10 айда 79 бала суицид кылган. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 18-ноябрдагы жыйынында билдирди. Эркебек Аширходжаев балдар үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестиктен улам өз жанын кыйган учурлар көп экенин кошумчалады.

Бабанов журналистке каршы арызын кайтарып алды

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковго каршы берген доо арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал соттук териштирүүнү токтотуп, мунасага келүү боюнча Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү менен жолугуп, ушундай чечим кабыл алынганын кабарлады. Жыйынтыгында 18-ноябрдагы соттук отурумда ишкердин өкүлдөрү 1 млн сомдук доо арызды кайтарып алган. “Фрунзе” дүкөндөр тармагынын мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбеков 24-апрелде эркин журналист Эламан Карымшаковго интервью берип, “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын Өмүрбек Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан. Экс-премьер-министр кийин “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деген негизде журналистти сотко берип, 1 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“Казак” каймана аты бар Маратов Кыргызстанга жеткирилди

Египеттин борбору Каир шаарынан кармалган уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” деген каймана аты бар мүчөсү Умар Маратов Кыргызстанга алып келинди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Интерпол аркылуу быйыл октябрь айында кармалып, Ош шаарына жеткирилгенин кабарлады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен айып тагылып, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүү 2023-жылы июнь айында Ошто шериктери менен 26 жаштагы кызды зордуктаган деп шек саналып жатат. Ал ошондон бери издөөдө жүргөн. Маратов буга чейин 16 жолу соттолгон. 2019-жылы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалып, 3 жылдан кийин үй камагына чыгып кеткен.

Газада Израилдин соккусунан дагы кеминде 18 палестин каза тапты

Алардын экөө качкындар лагеринде жашаган балдар экенин, сокку абадан жана согуштук дрондор менен жасалганын Reuters агенттиги маалымдады. Сектордун түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарында жекшемби күнү израилдик аскерлер көп кабаттуу үйлөрдүн бирине ракета таштаганда ондогон өмүр кыйылганы кабарланган. Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул шаардагы чабуулун тастыктап, бутага террорчулар алынганын билдирди.

Сумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алды

Сумы облустук аскердик администрация калк жыш жайгашкан аймакка тийген ракетадан каза болгондордун арасында 9 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр бар. Облустук аскер администрациясынын башчысы Владимир Артюх турак жайлар жабыркаганын билдирди. Орусиянын аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарактын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат.

Казакстанда бир күндө иске ууланып, өрттөн жети баланын өмүрү кыйылды

"Азаттыктын" казак кызматы Костанай облусунун Амангелди районунун Карынсалды айылында 17-ноябрда иске ууланып, бир үй-бүлөдөн төрт кишинин өмүрү кыйылганын, алардын бири 67 жаштагы чоң атасы, калган үчөө 8, 2 жана 1 жашар неберелери экенин кабарлады. Балдардын ата-энеси жана 4 жашар уулу ооруканага түштү. Ушул эле күнү Астанада эки кабаттуу менчик үйдө өрт чыгып, төрт баланын өмүрү кыйылган. Өрттөн үйдүн чатыры урап түшкөн. 13, 9, 3 жана 2 жаштагы балдардын сөөгү табылган. Айрым баштапкы маалыматка караганда, балдар бир үй-бүлөдөн болчу.

Новосибирскиде мигранттарга бала бакчада иштөөгө тыюу салынды

Орусиянын Новосибирск облусунда мигранттарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштөөгө тыюу салынууда. Бул тууралуу аталган аймактын полиция мекемеси билдирди. Облус губернатору Андрей Травников кол койгон токтомго ылайык, чектөө келерки жылдын 1-мартынан башталат. Быйыл апрель айында Новосибирскиде мигранттарга таксиде, тамеки жана алкоголдук ичимдик саткан дүкөндө иштөөгө тыюу салынган. Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн.

Грузиянын курамындагы жикчил Абхазияда оппозиция менен бийликтин сүйлөшүү аракети уланууда

"Эхо Кавказа" жазгандай жергиликтүү парламент имаратында дүйшөмбү күнү 20 чакты депутат чогулуп, жыйын өткөрдү. Оппозиция өкүлдөрү вице-президент Бадра Гунба менен жолугушууну талап кылып, ал аймактын азыркы башчысы Аслан Бжания кызматтан кетсе ордун ээлешине каршы болбой турганын ортомчулар аркылуу билдиришти. Бжания Коопсуздук кеңеши менен, депутаттар менен жолугушуу өткөргөнүн, кырдаалды жөнгөрүү жолдорун талкуулаганын анын басма сөз кызматы маалымдады. Бжания бардык жолугушууларды борбор калаа Сухумиден 40 чакырым аралыкта жайгашкан Тамиш айылында өткөрүп жатканы айтылды. Эки күн мурда ал кырдаал курчугунда Сухумиден чыгып кеткен.

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында кытайлык бир жаран каза болду, беш киши жараат алды

"Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, окуя 18-ноябрга караган түнү Тажикстандын Ооганстан менен чек арасындагы Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районуна караштуу Зарбузи капчыгайында болгону, каза тапкан киши Кытайдын жараны экени, жараат алгандардын төртөө кытайлык, бирөө жергиликтүү тургун экени маалымдалды. Куралчан адамдар ооган тараптан өтүп барып, кол салганы айтылууда. Зарбузи капчыгайынын жанындагы Сари Гор деген жерде кытайлык компания алтын казуу менен алектенет. Укук тартибин коргоо органдары жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. Расмий маалымат бериле элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG