Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазияда бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүү аракети жүрүп жатканын 18-ноябрда "Эхо Кавказа" жазды. Жергиликтүү парламент имаратында дүйшөмбү күнү 20 чакты депутат чогулуп, жыйын өткөрдү.
Оппозиция өкүлдөрү вице-президент Бадра Гунба менен жолугушууну талап кылып, ал аймактын азыркы башчысы Аслан Бжания кызматтан кетсе ордун ээлешине каршы болбой турганын ортомчулар аркылуу билдиришти.
Бжания Коопсуздук кеңеши менен, депутаттар менен жолугушуу өткөргөнүн, кырдаалды жөнгөрүү жолдорун талкуулаганын анын басма сөз кызматы маалымдады. Бжания бардык жолугушууларды борбор калаа Сухумиден 40 чакырым аралыкта жайгашкан Тамиш айылында өткөрүп жатканы айтылды. Эки күн мурда ал кырдаал курчугунда Сухумиден чыгып кеткен.
Оппозициянын акциялары 12-ноябрда, бир нече өкүлү кармалганда башталган. Азыр алар жетекчиликке жаңы адамдардын келишин талап кылып жатышат. 15-ноябрда жергиликтүү парламент алдына чогулуп, бир нече өкмөтүк имаратты курчоого алышкан, анда жүздөгөн киши топтолгон.
Орусияга артыкчылып бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган митингчилер парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан. Полиция менен тиреш учурунда жумуртка жана бөтөлкө ыргытышканда демонстранттарга каршы кулак тундуруучу каражаттар колдонулган. Айрымдар парламенттин жанында ок атылганын укканын кабарлашкан, кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.
Москва менен инвестициялык долбоор боюнча мыйзам кабыл алына турган сессия үзгүлтүккө учураган. Абхазия бийлиги келишим республиканын экономикасына жакшы салым болорун айтууда. Оппозиция "республиканын кызыкчылыгы сатылып жатат" деп каршылыгын билдирүүдө.
Абхазия жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. Өз алдынча өлкө катары Абхазия менен Түндүк Осетияны алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (RK)
Шерине