Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Орусия: Сахаров борборунун мурдагы директору сыртынан соттолду


Сергей Лукашевский
Сергей Лукашевский

Орусияда орус армиясы тууралуу "фейк" маалымат тараткан деген айып менен академик Андрей Сахаров атындагы борбордун мурдагы директору Сергей Лукашевский сыртынан соттолгонун 18-ноябрда "Свобода" радиосу жазды.

Нижний Новгород шаарынын Москва райондук сотунун өкүмү менен ал сегиз жылга жалпы тартиптеги абакка сыртынан кесилди. Лукашевский Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин чет жакка чыгып кеткен.

Прокуратура аны "Фейсбукка" жарыялаган согушка каршы беш посту жана бир онлайн эфири үчүн айыптаган. Лукашевский "орус аскерлери согушта кылмыш жасап жатканын", Бучадагы окуя "үрөй учурарлык" экенин айткан.

Кылмыш иши 2023-жылы март айында ал Сахаров борборун жетектеп турган кезде козголгон, ошол жылдын август айында соттун чечими менен аталган уюм жабылган. 1996-жылы коомдук ишмер, укук коргоочу, академик Андрей Сахаровдун мурасын сактап калуу максатында негизделген борбор түрдүү иш-чараларды, талкууларды, кайрымдуулук концерттерин, басма сөз жыйындарын өткөрүп турчу. Орусиянын Юстиция министрлиги аны "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан. Ошондон кийин мындай кол салууну айыптап чыккандардын баарын "орус аскерлерин жаманатты кылды", "фейк маалымат таратты" деген айып менен камакка алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG