"Азаттык" бул макалада согуштун айынан Украинадан кетип, азыр дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап жаткан кыргызстандык үч үй-бүлөнүн окуясын баяндайт. Алар Украинаны көп эстешет. Кандуу согуш алар өңдүү карапайым тургундарды кандай сынаганын, тынчтык орногондон кийинки жаңы жашоосун кантип элестетерин айтып беришет.
"Украинага кайтып баргыбыз келет". Фарухтун окуясы
Бул сүрөткө Фарух жубайы менен Украинадагы досунун тоюнда түшкөн экен. Ал кезде үй-бүлө алар жашаган өлкөдө согуш болорун, кичинекей балдарын алып, миңдеген украиндер менен кошо өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетерин түк ойлогон эмес. Фарух тынч замандагы жашоосун эстеп, кебин баштады:
"Биз Киевдин өзүндө эмес, анын чет жакасында жайгашкан Коваливка айылында турчубуз. Мен Киевде иштечүмүн. Ишиме атайын транспорт жеткирчү. Украинада он жылдай жашадым. Ал жактагы жашоого кадимкидей көнө түшүптүрмүн.
Азыр Украинаны эстегенде биз жашаган айылдагы буудай талаалары көзүмө тартылат. Ошол талаалар мага өзгөчө эле.
Аялым да көп сагынат. Түшүбүзгө кирет. Ал жактагы туугандар, үйдү көп эстейбиз. Бирок азыр жашоо мурункудай эмес деп айтышат. Иш жок, кымбатчылык. Кечээ чалсам, картошка 4-5 эсеге кымбаттап кеткенин айтышты. Азык-түлүк тартыштыгы да бар экен. Мурунку Украина өзгөргөнүнө ичиң ачышат".
2022-жылдын февралы Украинада жашаган Фарух өңдүү тургундардын эсинде кара так бойдон калды. Орусия эң жакын коңшусун ар тараптан басып кирип, миңдеген тургун коопсуз жер издеп, сыртка агылды. Февралдын соңу, март айында бала-чакасын алып качкандар арасында бул үй-бүлө да болгон:
"Улуу кызым алтыда, эң кенже балам бирге чыга элек кези болчу. Польша менен чектеш жерге кирип, ал өлкө аркылуу Европанын башка мамлекеттерине жөнөдүк. Биз Германиядагы туугандарыбызга бардык. Бир айдай ошол жерде болдук. Андан кийин Америкадагы туугандар чакырып калды. Ал учурда украиналык качкындарга АКШда атайын программа ишке кире элек болчу. Ошондуктан биз апрелдин башында Америкага Мексика аркылуу кире турган болдук. Бирок Мексикага учуп келгенибизде мени учакка киргизбей коюшту. Колумда Кыргызстандын паспорту бар эле. Мен чек арачыларга келинчегим украиналык экенин айтып, үч баламды көргөздүм. Алар менин фамилияма жазылган болчу. Бирок мен кыргыз жараны болгондуктан, визасыз киргизбейбиз деп, бир нече саат кармашты. Ошондуктан учакка кечигип калдык. Дагы туугандар акылуу билет алып, кийинки күнү гана учтук. Тихуанада бизге окшогон жүздөгөн украиналык качкын менен бир нече күн кезек күттүк. Ошентип, акыры Америкага жеттик".
Азыр Фарух жубайы, балдары менен Түштүк Каролина штатында жашап жатат. Өзү такси айдап, жубайы кичүү баласы менен үйдө. Улуу кызы жергиликтүү мектепте окуп жатат. Фарух согуш башталганы алыскы Кыргызстанда калган жакындарын, апасын көрө элек.
"Туугандар менен бир аз жашап, андан кийин өзүбүзчө иш баштадык. Мен башында кайда гана иштеген жокмун. Кара жумуштун баарын кылдым.
Эгер Америка менен Украина же Кыргызстанды салыштырчу болсом, бул жакта эки күн иштебесең ачка калат экенсиң.
Машинаңа, болгон нерсеңди камсыздандырууга акча төлөйсүң. Азыр таксидемин. Сиз чалганда буйрутмамды бүтүрүп, бир аз бошодум. Бирок бул жакта жашайм деген адам тытынып иштеши керек. Мен машинамдын насыясы, жашаган жерибизге, балдардын окуусуна акча төлөйм. Топтоп, мүлк алганга деле акчабыз ашпайт. Украиналыктар да бар. Арасында чыдабай кайра Украинага кетип калгандар болду. Анткени бул жакта келечекти пландоо оор экен. Мурун биз жубайым экөөбүз көп нерсени кыялданчу элек. Азыр ага шарт жок. Кыргызстандагы апамды көргүм келет. Азыр ага виза даярдатып, чакырсамбы деген тилегим бар. Кыскасы, согуштун айынан кеткен качкындарга деле жаңы жашоо башташ оңой болгон жок. Балким, кайсы бир күнү Украинага кайтып барабыз", - дейт Фарух.
"Согуш күйөөмдөн ажыратты". Мадинанын окуясы
Кийинки каарманыбыз Мадина өзүнүн аты-жөнүн ачык айтып, сүрөттөрүн бөлүшүүнү каалаган жок. Ал өз окуясын айтып жатып, Украинадан качкан аялдардын башына түшкөн толгон-токой түйшүккө токтолду.
Мадина - Кыргызстандын жараны, 2018-жылы украин жигитине турмушка чыгып, бул өлкөгө көчүп келген. Бир уул төрөп, баласы менен согуш башталган алгачкы күндөрү өлкөдөн чыгып кеткен:
"Балам эми бирге толоюн деп калган болчу. Киевде күйөөм, балам, кайын журтум менен жашачубуз. Баары жакшы болчу. Мен Украинада төрт жыл жашадым. Элдин мамилесине абдан ыраазы болгом.
Эгер украинче билбесең, орусча түшүндүрүп, сүйлөй берчүбүз.
Согуш башталган алгачкы күндөрү эле күйөөм өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөөгө жөнөдү. Мен баламды алып, башка борбор азиялыктар менен кошо өлкөдөн чыгып кеттим. Согуш башталган учурда күйөөм да кошо чыгып кеткенге жол жок эле. Ал кезде үч баласы бар эркектер гана чыкканга уруксат беришкен".
Мадина Украинадагы башка качкындар менен чогуу Польша аркылуу Борбордук Европага кирип, Германияга келген. Жаңы жерде биринчи кыйынчылыктарга туш болгон:
"Уулумдун документтери жок болчу. Менин колумда кыргыз паспортум, уулумдун атасы украин жараны. Алгач Кыргызстандын элчилигине бардым. Алар атасы башка өлкөнүн жараны болгондуктан документ жасап бере албайбыз дешти. Андан кийин Украинанын элчилигине бардым. Ал жерде атасынан уруксат керек деп айтышты. Ал учурда атасы менен байланыш бар болчу. Ошондуктан ал бизге кат аркылуу уруксат жазып жиберди. Ошентип, бир жылга жакын дегенде документ алдык. Мен деле бул жерде немис өкмөтүнүн качкындар программасы менен жашап жатам. Өкмөт бизге батирди ижарага алганга каражат бөлдү. Социалдык төлөмдөрү да бар. Өзүм немис тилин үйрөнүп жатам. Тил курстарына барган учурда баламды караганга киши да таап беришти".
Мадина күйөөсүн кеткени көрө элек. Ал жакында эле башка украиналыктардан күйөөсү фронттон аман-эсен келип, Украинада башка бир аял менен турмуш курганын уккан. Мадина капыстан башталган согуштун айынан жубайлар ажырашкан бир нече учурга токтолду:
"Аялдардын алдында тандоо болду. Сен же күйөөңдү ойлоп, жаныңды оозуңа тиштеп каласың же балаңдын келечеги үчүн өлкөдөн чыгып кетесиң. Көбү күйөөлөрү жок кеткен. Эми азыр алар фронттон кайтканда, Украинада башка аял алып алганын угуп жатабыз.
Менин күйөөм Киевге келип, үйлөнгөнүн уктум. Балким ал согушта контузия болуп, уулум экөөбүздү унутуп калгандыр.
Дагы деле толук ишене албайм. Мендей аялдар бул жакта көп. Бара-бара Украинада калган эркектер менен байланыш да үзүлдү. Мен согуш адамды өзгөртөбү деп калдым. Алар агрессивдүү, жырткыч мүнөз күтүп, адамдык сапаттары азаят окшойт. Уулума ал украин экенин, атасы согушка кеткенин айтып жатам. Уулумдун тили чыгып жатканда атасын көрбөй калып, азыр жакшы сүйлөй элек. Психологиялык жактан таасир берген окшойт. Азыр жашообузду Германияда көрүп жатабыз. Уулум ата-журтуна барабы же жокпу, аны келечек көрсөтөт".
Мадина биз менен сүйлөшүп жатып, ишке орношуу үчүн Германиядагы компанияга документтерин жибергенин, маектешүүгө даярданып жатканын кошумчалады.
"Бахмутту көп эстейбиз, Кантка окшош шаар болчу". Фарходдун окуясы
Кыргызстандык Фарход Атаматов Киев шаарында үч баласы менен түшкөн сүрөт. Фарход жубайы экөө тең кыргыз жарандары. Алар Украинанын бир нече шаарында он жылдай жашашкан.
"Бахмут аябай кооз шаар болчу. Ал чакан Кант, балким, Токмокко окшош шаар эле. Ал жерде чоң спорт комплекси турчу. Донецк облусунун ар тарабынан ошол жерге келип, машыгып кетишчү. Совет маалында баарына таанымал шараптын түрү чыккан завод да бар эле. Бирок баарынан эсимде калганы - Бахмуттун эли. Аябай меймандос, ынтымактуу. Мен ал жакта 1-2 жыл жашап калдым. Согуш учурунда бул шаар жабыркап, азыр эми эч нерсе жок калды. Баягы кооз шаардан эч нерсе жок.
Украинаны көп эстейбиз. Азыркы абалына капабыз. Украина азыр деле түшүмө кирет.
Мен соңку жылдары үй-бүлөм менен Киевде жашап калдым. Башында Киевде иштечүмүн. Кийин австриялык компанияга ишке орношуп, бирок Украинадан көчүп кеткен жокмун. Үй-бүлөм Киевде болуп, мен иш сапарларга каттап турчумун. Украинадагы кыргызстандыктар аябай жакын болчубуз. Бирге чогулуп, футбол ойночубуз. Азыр бири-бирибиз менен байланыш үзүлдү", - деп Фарход терң үшкүрүп алды.
Фарход Атаматов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кызматкери катары Украинага 2014-жылы келген. Ал 2014-жылы Украинанын Донецк облусунда кырсыкка кабылган малайзиялык учак кулаган жерге барган. Эл аралык иликтөө 298 адамдын өмүрүн алган апаат Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилердин айынан болгонун көрсөткөн.
"Мен башында байкоочу катары иштедим. Биз Украинадагы жагдайга көз салып, ЕККУга маалымат жиберип турчубуз. Андан кийин дрон оператору болуп иштедим. Биз эки тарапка тең видео, фото менен көзөмөл салып турчубуз. Бул макалада жазылгандай, ЕККУнун кызматкерлери кырсык болгон жерге барганбыз. Ал жерден табылган сөөктөр жакындарына өткөрүп берилген.
Биз поезд менен каза болгондордун сөөктөрүн алып чыкканбыз. Донецкиден Харьковго чейин өлүктүн жыты келип турганы эсимде.
Кийин бир нече жыл өтсө деле ошол жыт кайра-кайра келе берчү. ЕККУдан кийин австриялык компанияга ишке орноштум. Ал жерде дрон башкарып, учуп же инструктор болуп иштеп жаттым. Азыр Гамбургда кайра эле дрон текшерүү борборунда иштеп жатам".
Учурда Фарход үй-бүлөсү менен Ганновер шаарында жашап, Гамбургда иштейт. Ал немис жергесиндеги жашоосу бир нукка түшө баштаганын айтты. Уулу спорт мелдештерине катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет.
"Биринчи эле аялым, балдары менен чыгып кетишти. Мен кыргызстандык качкындарды эвакуациялоого жардам берип, бир айдан кийин чыктым. Башында Германияга келгенде бекеттерде "үй берем, жардам берем" деген жарыялардан ыктыярчы немис аялды таап, анын үйүндө төрт айдай жашадык. Анан ал аял бизге башка батир ижарага таап берди. Ал кезде бекеттерде жардам берем деген көп ыктыярчылар турчу. Украин жарандарына гана жардам беребиз дебей, Украинадан ким келсе да, жардам көрсөтүп жатышты. Баарыбыздын макамыбыз "качкын" да. Бул жакта тил үйрөнүп, ишке орноштум. Улуу балам спорт менен машыгат. Ал күрөш боюнча Германияда эки жолу чемпион болду. Ганновер шаарында олимпиадалык мектепте окуп жатат. Эми мындан кийинки жашоо кандай болот, азыр белгисиз. Мага окшогон кыргызстандыктар иш издеп чет жакка кеткенбиз да. Качандыр бир маалда мекенибизге кайтып келебиз деген оюм бар".
Ошентип, Фарход быйыл да Жаңы жылды үй-бүлөсү менен Германияда тосот. Украинадагы согуштан улам бул өлкө анын убактылуу мекенине айланды.
Согуш башталган күндөрү кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланган. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып, айрымдары Европа өлкөлөрүндө жашап калышты. Тышкы иштер министрлигинин мааалыматына караганда, согуш башталган күндөрү 1500дөн ашуун кыргыз жараны Украинанын аймагынан чыгарылган. Ушул тапта алардын канчасы кайра кайтып барганы белгисиз.
Шерине