Борбордук Сулавеси аймагындагы чиркөөнү зилзаладан кийин жер көчкү басып калган. Ошол маалда ал жерде сексен алты студент болгон.
Куткаруучулар уранды алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгүн табышты. Калгандарынын дайыны белгисиз. Жума күнкү жер титирөө жана андан кийин башталган цунамиден курман болгондордун саны 1200дөн ашты. Жергиликтүүлөр куткаруу иштери ыкчам жүрбөй жатканына нааразы.
- Дунгалага көңүл буруңузчу, Жокови мырза. Ал жакта да толтура кыштактар жабыркады. Куткаруучулар Дунгалада жабыркаган 176 кыштакка жете элек, - деп жергиликтүү тургундардын бири теле аркылуу президент Жоко Видодого кайрылды.
Учурда негизги куткаруу иштери калк жыш жайгашкан Палу шаарында жүрүп жатат. Куткаруучуларда кыйраган ири соода борборунун жана мечиттин алдында ондогон адамдар тирүү болушу мүмкүн деген үмүт бар.
Жергиликтүү эл айрым жерлерде алардын жардам сураган үндөрү да угулганын айтып жатышат. Ал эми Дунгала жана анын жака белиндеги кыштактарга куткаруучулар жете элек.
Ал жакка бара турган жолдор жер көчкү түшүп, буулуп турат.
Издеп-куткаруу иштерине жердин бир күн кечке токтобой силкиниши да тоскоолдук жаратты. Куткаруучулар жана аскерлер тийиштүү техника жетишпегендиктен урандыларды кол менен тазалоого аргасыз.
Мындан улам президент Жоко Видодо эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сурады. Евробиримдик, Кытай жана АКШ баш болгон ондогон мамлекеттер гуманитардык жардам жана тийиштүү техника жөнөтүшөрүн билдиришти. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон шейшембиде анын өкмөтү 360 миң долларлык жардам жөнөткөнүн билдирди.
Ар кандай жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алып, бийлик жүздөгөн адамдардын сөөгүн бир жерге чогуу көмүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалымат катчысы Сутопо Пурво Нугхоро дүйшөмбүдө билдирди:
- Үч күндөн ашуун уранды алдында жаткан сөөктөрдөн жагымсыз жыт чыга баштады. Биз аларды эртелеп жерге бербесек болбойт, -деди ал.
Учурда аймакта электр жарыгы жок. Он миңдеген адам таза суусуз, тамак-ашсыз көчөдө калышты. Күйүүчү майга кезекке тургандардын аягы көрүнбөйт. Ооруканалардын көбү урап калгандыктан, жабыркагандарга биринчи жардам көчө боюнда жана атайын чатырларда көрсөтүлүп жатат. Сулавесидеги үч түрмөдөн ызы-чуу маалында камактагы 1200дөй адам качып кеткени маалымдалды.
Алгач 28-сентябрда кечке жуук Дунгала деген чакан шаарда жер титиреп, бир киши каза болуп, он чактысы жараат алган. Көп өтпөй туристтер арасында өзгөчө популярдуу деп саналган, жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал маалда жүздөгөн адамдар кечинде жээкте өтчү фестивалга даярдык көрүп жатышкан. Зилзаладан көп өтпөй бийиктиги 3-6 метрге жеткен толкундар калааны каптап, миңдеген имараттарды жер менен жексен кылган.
Индонезия Тынч океандагы тектоникалык плиталар кыналышкан жерде жайгашкандыктан, ал жактарда жер көп силкинет.
Ушул жай айында эле жер титирөөлөр Ломбок курорттук аралы менен Сумбаве аралында 550дөй кишинин өмүрүн алды.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиядагы табият кырсыгына байланыштуу өлкөнүн президенти Жоко Видодого көңүл айткан.