Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Индонезияда зилзала миңден ашуун өмүрдү кыйды


Урап калган соода борборунун жанында жакындарын издеген жергиликтүү эл. Палу шаары. 28-сентябрь. 2018-жыл.
Урап калган соода борборунун жанында жакындарын издеген жергиликтүү эл. Палу шаары. 28-сентябрь. 2018-жыл.

Индонезияда 27-сентябрда болгон жер титирөөдөн кийин башталган цунамиден көз жумгандардын саны жекшембинин таңында миңден ашты. Бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп боолгоп жатат.

Индонезиянын Палу шаарынын үстүнөн дрон менен тартылган видеолордон калаа дээрлик жер менен жексен болуп калганын көрүүгө болот.

28-сентябрда кечке жуук Дунгала деген чакан шаарда жер титиреп, бир киши каза болуп, он чактысы жараат алган. Көп өтпөй туристтер арасында өзгөчө популярдуу деп саналган, жээктен 12 чакырым алыс жайгашкан Палу шаарында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал маалда жүздөгөн адамдар кечинде жээкте өтчү фестивалга даярдык көрүп жаткан.

Зилзаладан көп өтпөй цунами башталып, бийиктиги үчтөн алты метрге чейин жеткен толкундар уруп, миңдеген имараттарды алып кеткен. Жекшембинин таңда курмандыктардын саны 832ге жеткенин Улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Пурво Нугхоро билдирди.

- Курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Уранды алдында калган сөөктөр көп. Буга чейинки табылгандардын көбүнүн тек-жайы да аныктала элек. Ошондой эле азыр куткаруучулар жете элек аймактар да бар.

Ал кошумчалагандай, куткаруучулардын тийиштүү техникасы жетишпегендиктен урандыларды кол менен тазалоого туура келип жатат. "Мындан улам издеп-куткаруу иштери кеч жүрүп жатат", - деди Пурво Нугхоро.

Учурда Палуга бараткан негизги жол жер көчкүдөн улам буулуп турат. Калаадагы башкы көпүрө да урады. Электр жарыгы жок. Таза суу жетишсиз.

Куткаруучулар адам сөөгүн көтөрүп бара жатышат. Палу шаары. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Куткаруучулар адам сөөгүн көтөрүп бара жатышат. Палу шаары. 29-сентябрь, 2018-жыл.

40 жаштагы Мия табият кырсыгы болгон маалда кыздары менен соода борборунда жүргөн. Ал кокустан свет өчүп, дубалдар кулай баштаганын айтып берди:

- Мен кыздарды жетелеп эле тепкичти көздөй чуркадым. Эптеп сыртка аман чыгууга үлгүрдүк, - дейт ал.

Палудагы негизги оорукана да урап калгандыктан жабыркагандарга биринчи жардам көчө боюнда же убактылуу чатырларда көрсөтүлүп жатат.

Жалпысынан Палу менен Дунгала шаарларында 600 миңден ашуун адам жашайт. Ишембиде өлкө президенти Жоко Видодо катастрофа болгон аймакка кошумча куткаруу отряддары жиберилгенин билдирди. Майда жер титирөөлөр дагы эле токтой элек. Сейсмологиялык кызматтын билдиришинче, жума күндөн бери жер 170 жолу силкинди.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалымат катчысы Пурво Нугхоро. 30-сентябрь, 2018-жыл. Палу шаары.
Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалымат катчысы Пурво Нугхоро. 30-сентябрь, 2018-жыл. Палу шаары.


2004-жылы Суматра аралынын жээгинде күчү 9,1 баллга жеткен зилзала болгон. Анда Индия океанынын жээгиндеги аралдарда 226 миң киши, ал эми Индонезияда 120 миң киши курман болгон. Индонезия Тынч океанындагы тектоникалык плиталар кыналышкан жерде жайгашкандыктан, ал жактарда жер көп силкинет. Ошондой бул аймакта 130 активдүү жанар тоо бар.

Ушул жай айында эле жер титирөөлөр Ломбок курорттук аралы менен Сумбаве аралында 550дөй кишинин өмүрүн алды. Бир жарым миңдей адам жабыркап, 400 миңдей киши үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушту.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиядагы цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгонуна байланыштуу бул өлкөнүн президенти Жоко Видодого көнүл айтты.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, мамлекет башчы табигый кырсыкта курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез айыгып кетишин каалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG