Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Индонезияны кырсык басты


Ломбок аралында куткаруу иштери уланып жатат, 6-август 2018-жыл.
Ломбок аралында куткаруу иштери уланып жатат, 6-август 2018-жыл.

Индонезиянын Ломбок аралында жекшембидеги зилзаладан каза тапкандардын саны өсүп жатат.

Магнитудалык күчү жети баллга жеткен жер титирөөдөн эки жүздөн ашуун киши жабыркап, миңдеген имараттар кыйрады. Жүздөгөн чет өлкөлүк туристтер коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

Индонезиянын туристтер көп барган Ломбок аралы жекшембинин кечинде дүрбөлөңгө түштү. Жер катуу силкинип, имараттар кыйрап, элдин чуру-чуу түшүп жатканын Интернетке жарыяланган видеолордон көрүүгө болот.

Магнитудалык күчү 7 баллга жеткен бул зилзаладан кийин цунами тууралуу эскертүү берилип, бирок бир нече сааттан кийин андай коркунуч жок экени кабарланды.

Ломбокко эс алууга келген туристтердин бири голландиялык Марк Ганбувалба зилзала учурунда башынан өткөндөрдү айтып берди:

- Жер титирер алдында биз жардын боорундагы ресторанда кечки тамакты ичип жатканбыз. Ал ресторандан деңиз алаканга салгандай көрүнүп турат. Мен дааратканага бардым, аңгыча жүк ташуучу унаа жанымдан өтүп бараткандай сезилди. Анан күчөй баштады. Жер силкинип, күркүрөгөн добуш угулуп жатты. Мен жер титирөө болуп жатканын сезип, сыртка чыкканга ашыктым. Ресторандагылардын баары эшикти көздөй чуркап баратышыптыр. Адамдар жыгылып, тебелендиде калып жатышты. Менин үстүмө үч-төрт киши жыгылды. Мен тиземди кокустатып алдым.

Ломбок аралындагы туристтер коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.
Ломбок аралындагы туристтер коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу Ломбок аралынын түндүк жээктеринен 10 чакырым ичкери болгон. Анын күчү Бали аралында да сезилген.

Нуса Тенггара провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлү Росиади Саюти зилзала 142 адамдын өмүрүн жалмаганын индонезиялык "Метро TV" каналына билдирди.

Чукул кырдаалдар агенттигинин атайын өкүлү Сутопо Нугрохо бул кабарды тастыктаган жок. Ал каза тапкан адамдардын саны 90дон ашканын айтты. Бирок анын маалыматына караганда, куткаруучулар айрым аймактарга дагы эле жете элек, андыктан курмандыктардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Эки жүздөн ашык киши ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилди.

Ломбок аралынын негизги шаары Матарамда миңдеген турак жай кыйрап, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Жекшембидеги жер титирөөдөн кийин Ломбоктун жанындагы аралдарда эс алып жаткан миңге жакын турист коопсуз жайларга көчүрүлдү. Ломбок менен Балинин үрөйү учкан тургундарынын көбү түндү ачык асман алдында өткөрүштү. Себеби 7 баллдык зилзаладан кийин да жер бир нече жолу силкинди.

- Биз эки жолу үйдөн сыртка чуркап чыктык. Бул райондогу турак жайдын көбү ижарага берилет. Жер титирөө катуу болгондуктан элдин баары чуркап чыкты, - деди балилик Путу Эди.

Матарам шаарынын тургундарынын көбү түндү ачык асман алдында өткөрүштү.
Матарам шаарынын тургундарынын көбү түндү ачык асман алдында өткөрүштү.

Ломбок аралында бир жума мурда да жер титиреп, андан 16 киши каза тапкан.

Индонезия жер титирөө көп катталган, "Тынч океандагы от шакеги" атка конгон сейсмологиялык кыймылдуу аймакта жайгашкан. 2004-жылдын декабрь айында Суматра аралынын жанында катуу зилзала болуп, андан жаралган тоодой цунами бир нече аралды каптап, 220 миңден ашык адамдын өмүрүн алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG