Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Америка Гүленди Түркияга кайтарабы?


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен диниятчы Фетхуллах Гүлен
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен диниятчы Фетхуллах Гүлен

19-июлда Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо боюнча Анкара төрт бөлүктөн турган керектүү далилдерди АКШ бийлигине жолдогон.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-июлда америкалык кесиптеши Барак Обаманы диниятчы Фетхуллах Гүленди кайтарууга үндөгөн. Америка тарап Гүлендин козголоңго катыштыгы бар экенин ырастаган далилдер табылса, Вашингтон аны карап чыгууга даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Бириккен улуттар уюмун Түркиянын өлүм жазасын кайра мыйзамдаштырабыз деген демилгеси кооптондурууда.

Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүлендин түздөн түз тиешеси бар деген айыпты тастыктаган далилдерди Анкара АКШ бийлигине төрт бөлүктөн турган досье түрүндө жиберди. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым кечээ билдирди.

- Биз төрт файл жөнөттүк. АКШ тарап бизден далил талап кылган. Бирок айдан ачык көрүнгөн иш үчүн далилдин деле кереги жок. Ошентсе да биз аларды жетиштүү далил менен камсыздайбыз. Бирок мен америкалык достордон бир нерсени сурайт элем: 11-сентябрда эгиз мунаралар ураганда террористтерди экстрадициялоо үчүн силер далил сурадыңар беле?

Биналы Йылдырым Кошмо Штаттарын "эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат" деп айыптады. Диниятчыны экстрадициялоого Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да үндөдү. Ал эми Гүлен төңкөрүштү айыптап, ага тиешеси жок экендигин айтып келет.

АКШ тарап Фетхуллах Гүленди экстрадициялоого даяр экенин, бирок ал жараян далилдердин негизинде гана мыйзамдуу жол менен ишке ашарын айткан. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри экстрадициялоо шарттарын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри

- Ушул тапта менде эч далил жок. Бирок мен кесиптешим Мевлют Чавушоглу менен жолукканда аларда болгон бардык далилдерди тез аранын ичинде бизге жиберүүсүн үч ирет сурангам. Экстрадициялоонун эрежелерине ылайык биз ал далилдерди, фактыларды дыкаттык менен изилдеп, өзүбүздүн мыйзам жоболорубузга ылайык аларга баа беришибиз керек. Ошондон кийин гана Гүленди экстрадициялоого канчалык негиз бар болгону тууралуу сөз кыла алабыз.

АКШнын экстрадициялоо мыйзамына ылайык, Фетхуллах Гүленге коюлган айыптарды Түркия өзүнүн соту аркылуу далилдеши керек. Керринин айтымында, Түркия аны жасай элек.

2013-жылы үч министрдин кызматтан кетүүсү менен коштолгон Түркиядагы коррупциялык жаңжалдан кийин түрк өкмөтүнүн Гүленди экстрадициялоо аракети ийгиликсиз аяктаган.

АКШнын Пенсильвания штатында жашап, дарыланып жүргөн Гүлен 18-июлда курган маегинде АКШ аны Эрдоганга бербей турганына ишенерин айткан.

Мусулман диниятчысы Фетхуллах Гүлен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, маек курду
Мусулман диниятчысы Фетхуллах Гүлен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, маек курду

- Мен экстрадициялоо өтүнүчү боюнча эч толкунданган жокмун. Мен өлүм тууралуу да ойлонбойм. Мен акыретти эңсеп, күтүп жүрөм. Ошондуктан мындай нерселер мени кейитпейт.

Мындан бир күн мурун төңкөрүш жасоого аракеттенген аскерлердин жылаңач, колдору артка байланган бойдон атканада отурган сүрөттөрү интернетке кеңири тараган. Бириккен улуттар уюмунун адам укугу боюнча өкүлү Заид Раад ал-Хуссейин Түркияны ишке ашпай калган төңкөрүшкө тиешеси барларды жазалоодо мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

Атканада колдору байланып, жылаңач отурган түрк аскерлери
Атканада колдору байланып, жылаңач отурган түрк аскерлери

Ал Түркиянын өлүм жазасын кайра мыйзамдаштырабыз деген демилгесине тынчсыздануусун билдирди.

Заид ал-Хуссейин көз карандысыз байкоочулар аскерлер камалган жерлердин шарттарын текшерип, камакка алынгандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө адвокат жалдоо укугун камсыздоо керектигин айтты.

Хуссейин өлүм жазасын кайра күчүнө киргизүү адам укуктары жөнүндөгү эл аралык конвенцияга кол койгон Түркия үчүн терс кадам катары бааланарын эскертти.

XS
SM
MD
LG