Аламүдүн районундагы Васильевка айылында 15-апрелде Чүй дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаран изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, издөө иштерине бүгүн кошумча жети куткаруучу тартылды.
Мындан тышкары 10дон ашык милиция кызматкери, чек арачылар, дайынсыз болуп жаткан кишинин туугандары да издешип жатат. Анын кандай жагдайда сууга агып кеткени белгисиз.
ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертүүдө.
Шерине