АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар боюнча жаңы программа ишке киргизүүнү максат кылып жатканын билдирди.
15-апрелде Fox Noticia каналына берген маегинде Трамп программада мыйзамсыз мигранттардын өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетиши үчүн акча сунушталарын айтты.
Бул программа менен АКШдан чыгып кеткендерде кайра мыйзамдуу киргенге мүмкүнчүлүк болот.
"Биз аларга билет үчүн акча беребиз, андан кийин алар менен иштешебиз. Эгер өздөрүн жакшы алып жүрсө, эгерде биз алардын кайтып келишин кааласак, анын үстүндө иштейбиз", - деди Трамп.
Мартта Трамптын администрациясы мыйзамсыз мигранттардын АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кетишине шарт түзгөн CBP Home тиркемесин ишке киргизген. Тиркемени колдонгон мигранттар камакка алынбай, депортацияга кабылбай турганы, кийин кайра Америкага кирсе болору айтылган.
CBP Home тиркемеси мурдагы президент Жо Байдендин убагында киргизилген СBP One тиркемесинин ордун басары маалымдалган.
Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз барган чет элдиктер, анын ичинде борбор азиялыктардын саны арбыган. Алар мындай кооптуу жол менен Мексикага жетип, андан ары CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.
2025-жылы 20-январда президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган. Натыйжада АКШ Мексика менен чек арасына миңдеген аскерлер жайгаштырылып, дубалга тикенек зым орнотулган.
АКШнын өзүндө мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортациялар күч алууда. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.
Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.
Шерине