Мындай билдирүүнү эл аралык укук коргоо уюму 15-апрелде таратты. Анда уюм Рита Карасартова социалдык тармакка учурда дайынсыз болуп жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулунун катын жарыялаган соң кармалганына көңүл бурган.
Укук коргоочу толук далилденбеген иштин алкагында кармалды деген тынчсыздануу айтылган.
Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева бийлик Карасартованы кылмыш кылганы боюнча далилдерге таянбастан кармалганына көңүл бурган. Буга байланыштуу уюм Карасартованы тезинен бошотууга чакырды.
Рита Карасартова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалып, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганын адвокат Жаныш Бараков 15-апрелде"Азаттыкка" билдирген. Жактоочунун белгилешинче, Карасартова шектүү катары кармалып, азырынча айып тагылган жок.
Мунун алдында укук коргоочу Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган.
Укук коргоо органдары Карасартованын кармалышы боюнча комментарий бере элек. Жакындары соңку кармоо Кудайберген уулунун катын жарыялоого байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп, укук коргоочунун абалына тынчсызданып жатышат.
Буга чейин эл аралык Amnesty International уюму Карасартованын кармалышын сындап, муну жарандык коомго каршы репрессиянын күч алышы менен байланыштырган.
Шерине