Сенаторлор коопсуздук маселесинен тышкары саясатка да кызыгып, бул социалдык тармакты 2016-жылкы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн пайдалануу канчалык мүмкүн эле деген суроолорду беришти.
- Улам-улам кечирим сураганды токтотуп, бир нерсени өзгөрткүлө. Чыныгы өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн убакыт бышып жетти деп ойлойм. Акыркы жети жылда кардарлардын купуялуулугун коргоо үчүн көп нерсе деле жасалбагандай, - деди сенатор Катерина Масто жыйында.
Өткөн айдын соңунда саясий жарнама менен алектенген "Cambridge Analytica" деген фирма 87 миллиондой кишинин “Фейсбуктагы” жеке маалыматтарын алганы ачыкка чыккан.
Социалдык тармактын миллиондогон колдонуучусунун жеке маалыматтары саясий максатта пайдаланылганы тууралуу кабар нааразылык менен кошо камтама да жаратты. Буга чейин АКШнын Федералдык соода палатасы бул боюнча иликтөө баштаганы белгилүү болгон.
Дүйшөмбү күнү Цукерберг Өкүлдөр палатасында көрсөтмө берип, кечирим сураган жана компания жеке маалыматтардын үчүнчү колго өтүп кетишин алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн моюнга алган.
Шейшемби күнү болсо Сенаттын юридикалык жана соода комитеттеринин биргелешкен жыйынына чакырылган Цукерберг "Фейсбукка" Орусия каржылаган топторго турушук берүүгө туура келип жатканын белгиледи. Ал топтор социалдык тармактарды кыянат пайдалануу менен коомдук пикирге жана добуш берүүлөргө таасир этүүгө аракеттенүүдө.
Буга чейин "Фейсбук" Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапкан.
- Сенатор мырза, "Cambridge Analytica" компаниясынын колуна өтүп кеткен маалыматтар Орусияда сакталууда деген боюнча кабарым жок. Бирок эми ал фирманын бардык системаларын аудиттен өткөрүү зарыл. Ал маалыматтарды эмне кылышкан, азыр да аларда сакталуудабы? Муну текшерип, маалыматтарды алдырыш керек. Андай кылышпаса, укуктук чара көрөбүз, - деди Марк Цукерберг.
Цукербергдин айтымында, жыл этегине чейин коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнө 20 миңдей жаңы кызматкер ишке алынат.
Кээ бир депутаттар АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү үчүн соцтармактарды пайдалануу канчалык мүмкүн эле деген маселеге кызыгышты. Цукерберг орусиялык троллдор фабрикасынын коркунучун кеч түшүнүшкөнүн моюнга алды.
Жалган колдонуучуларды аныктоо ыкмалары мындан ары АКШда гана эмес, башка жерлердеги шайлоо учурунда да пайдаланып турмакчы.
Цукерберг ошондой эле Америкада 2016-жылы болгон президенттик шайлоого Москванын ыктымал аралашуусун иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллерди чакыртпаганын, бирок “Фейсбук” аны менен кызматташып жатканын билдирди.
Айрым басылмалар "Cambridge Analytica" АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын штабы менен иштешкен, “Фейсбуктан” алынган маалыматтар шайлоочуларга таасир этүү үчүн пайдаланылган деп жазышкан. Компания болсо дооматтарды четке кагууда. Ал эми президент Трамптын администрациясы "америкалыктардын жеке маалыматтары корголушу керектигин" билдирип келет.