Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:11

АКШ Сириядан кыргыз жарандарын мекенине кайтарууга жардамын улантат


Лесли Вигери жана Жээнбек Кулубаев.
Лесли Вигери жана Жээнбек Кулубаев.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШ Сирия менен Ирактан кыргызстандык аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарууга жардамын улантууга даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 18-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда айтканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда эки өлкөнүн элчилери саясий диалог, экономикалык кызматташтык, инвестициялык жана гуманитардык маселелер боюнча да сүйлөштү.

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден Кыргызстандын жарандары - аялдар менен балдар АКШнын өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жардамы менен өлкөгө алынып келүүдө.

Бул иштер “Айкөл” миссиясынын алкагында жасалып жатат. Быйыл соңку ирет 19-июлда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алынып келинген. Алардын 8и аял киши жана 14ү балдар экени айтылган.

2022-жылы Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG