19-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунда жаан жаайт, тоолорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 16…18° жылуу болот.
Шерине