Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:33

Тажик-ооган чек арасында кытайлык жаран каза болду, беш киши жараат алды


Тажикстан. Тажик-ооган чек арасы. Архив сүрөт.
Тажикстан. Тажик-ооган чек арасы. Архив сүрөт.

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуудан кеминде бир киши каза болду, дагы беш киши жараат алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы билдирди.

Окуя 18-ноябрга караган түнү Тажикстандын Ооганстан менен чек арасындагы Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районуна караштуу Зарбузи капчыгайында болгону, каза тапкан киши Кытайдын жараны экени, жараат алгандардын төртөө кытайлык, бирөө жергиликтүү тургун экени маалымдалды.

Куралчан адамдар ооган тараптан өтүп барып, кол салганы айтылууда.

Зарбузи капчыгайынын жанындагы Сари Гор деген жерде кытайлык компания алтын казуу менен алектенет.

Укук тартибин коргоо органдары жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. Расмий маалымат бериле элек.

Шамсиддин Шохин районунун Ооганстан менен чектеш тилкесинин жалпы узундугу 100 чакырымдан ашат, ал жерди күзөтүү оор.

Тажик жарандарына, чек арачыларына кол салуу, аларды барымтага алып кетүү окуялары буга чейин да катталып турчу. Кытай жарандары жабыркаган учур болгон эмес.

"Талибан" ооган өкмөтүнүн башына келген 2021-жылы бул өлкө террордук топтордун базасы катары колдонулушуна жол бербей турганын убада кылганына карабастан, тажик бийлиги чек арадагы коопсуздугуна тынчсызданып келет.

2023-жылы Ооганстан тараптан Тажикстандын аймагына аткезчилик кылган куралчан адамдар кирип барганы тууралуу бир нече жолу кабарланган. Былтыр август айында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул өлкөдө ишмердигине тыюу салынган "Ансаруллах" куралчан тобунун үч мүчөсү жок кылынганын, алардын курал-жарак каткан жери табылганын кабарлаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG