Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:24

“Казак” каймана аты бар Умар Маратов Кыргызстанга алынып келди


Умар Маратов.
Умар Маратов.

Египеттин борбору Каир шаарынан кармалган уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” деген каймана аты бар мүчөсү Умар Маратов Кыргызстанга алып келинди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Интерпол аркылуу быйыл октябрь айында кармалып, Ош шаарына жеткирилгенин кабарлады.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен айып тагылып, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүү 2023-жылы июнь айында Ошто шериктери менен 26 жаштагы кызды күч колдонуп, зордуктаган деп шек саналып жатат. Ал ошондон бери издөөдө жүргөн.

Умар Маратовду 2023-жылы 28-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен иш козгогон. Ал көп өтпөй сот аркылуу 1 млн сом күрөө коюп, үй камагына чыгып кеткен.

Умар Маратов буга чейин 16 жолу соттолгон. 2019-жылы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалып, 3 жылдан кийин үй камагына чыгып кеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG