Европа Биримдиги Орусияга каршы санкцияларды Крымды аннексиялоо жана Чыгыш Украинага карата саясаты үчүн киргизген. Москва санкцияга санкция менен жооп берип, Европа Биримдигинен азык-түлүк импорттоого чектөө койгон болчу. Мына ошол азык-түлүк санкциясынан Европа өлкөлөрү көбүрөөк жабыркаса, Орусия импорттун ордун басуу саясаты менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алганын билдирүүдө.
Мына ушундай шартта санкцияларды алып салуу демилгеси Европа Биримдигиндеги салмактуу өлкөлөр - Франция жана Италия тарабынан көбүрөөк көтөрүлүүдө. Франция парламентинин эки палатасы тең санкциялык саясатты токтотууну өкмөтүнө сунуштады.
Европа Биримдигиндеги эң таасирлүү делген Германия өкмөтүндө да санкциялык саясатты токтотуу чакырыктары жок эмес. Бирок канцлер Ангела Меркель санкцияны алты айга узартуу керек деген бекем позицияда турууда. Ал санкциялар эмне себептен киргизилгенин эске салып келет:
- Санкциялар негизги максат эмес экенин айтууга уруксат бериңиздер. Алар кайсы бир себептерге байланыштуу киргизилген. Минск келишимин аткаруу санкцияларды алуунун шарты. Мен ар дайым айтып келем, дагы айтам, Европа Биримдиги менен Орусиянын жакшы экономикалык байланыштары бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келет.
Ошондуктан 21-июндагы тышкы иштер министрлеринин жыйынында июль айында мөөнөтү аяктай турган санкцияларды дагы алты айга узартуу макулдашылды. Министрлер кабыл алган чечим келерки жумада Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынында бекитилиши керек.
Маалыматтарга караганда, Германия бийлиги санкцияларды алып салууну көбүрөөк каалап жаткан Словакия, Венгрия жана Италияны алты айга узартууга көндүргөн. Бирок жогоруда белгиленгендей, немис өкмөтүнүн өзүндө да Орусияга карата саясат боюнча бир кылка пикир жок. Вице-премьер-министр, тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусия менен конфронтациялык саясатты басаңдатууга НАТОну чакырды.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро өз парламентинин чечимдерине карабай, Минск келишими аткарылмайын санкциялар ордунда кала берерин 20-июнда белгилеген.
Бирок Орусияны изоляциялоо ишке ашпай жана санкциялык саясат бүтүп баратканын жакында Санкт-Петербургда өткөн Экономикалык форум тастыктагандай болду. Ал форумга Европа Биримдигинин төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци барып катышты. Өткөн жылы мындай сапарлардын болушу ойго да келиши мүмкүн эмес эле.
Жан-Клод Юнкер Экономикалык форумдун алдындагы сөзүндө санкцияларды колдоорун, ал эми анын форумга катышуусунун максаты Москва менен байланышты кармоо экенин белгиледи. Ал санкциялар эмне үчүн киргизилгенин да эске салган эле:
- Бүгүнкү күнү кайсы жерде турганыбызды аныктап алыш үчүн ачык сүйлөшүүбүз керек. Крымды жана Севастополду мыйзамсыз аннексиялоо жана Чыгыш Украинадагы конфликт Европа Биримдиги менен Орусиянын мамилесин олуттуу сыноого салды. Орусиянын аракети Европанын коопсуздук, эгемендүүлүк, теңдик, күч колдонбоо жана аймактык бүтүндүк принциптерин бүлгүнгө салды. Биз аны четке кага албайбыз.
Вашингтондогу Транс-атлантикалык академиянын улук илимий кызматкери Ульрих Шпек Батыш менен Орусиянын ортосундагы санкциялар боюнча буларга токтолду:
- Адамдар Орусия менен конфронтациядан чарчашты. Алар чыңалган абалды жакшы көрүшпөйт. Адамдар ошондой эле Украина реформаларды жетиштүү жолго коё албаганын көрүп турушат.
Словакия санкциялык саясатка каршылардын башында турат. Бул өлкө июль айынан тарта Европа Биримдигине төрагалык кылууга киришет. Январь айында санкцияларды дагы алты айга узартуу маселеси каралганда Словакия биримдиктин төрагасы болот.