Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

Бээжин АКШ товарларына бажы төлөмдөрүн 84% көтөрөт


Коллаж.
Коллаж.

Кытайдын Каржы министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамп киргизген бажы тарифтерине жооп иретинде Американын бардык товарларына 84% кошумча бажы төлөмүн киргизди. Reuters басылмасы жаңы тарифтер 10-апрелде күчүнө кирерин жазды.

Басылма Кытай кошумча тарифтерди жарыялагандан кийин АКШнын биржа индекстеринде кескин төмөндөө байкалганын жазды.

Кытайдын Соода министрлиги 12 америкалык компанияны экспорттук көзөмөл тизмесине кошуп, алты америкалык фирманы "ишенимсиз компаниялардын" тизмесине киргизди.

Бээжин Вашингтондун бажы тарифтери боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна дагы арызданды. Анда Кошмо Штаттардын Кытайга каршы саясаты дүйнөлүк сооданы дестабилдештирүүгө алып келүү коркунучу жаралганы айтылат.

"Кырдаал курчуп кетти. Жабыркаган тараптардын бири катары Кытай олуттуу тынчсыздануусун билдирет жана мындай ойлонбогон кадамга чечкиндүү түрдө каршы",- деп айтылат Бээжиндин билдирүүсүндө.

АКШга сырттан ташылып кирүүчү товарларга жаңы тарифтер колдонуларын Дональд Трамп 2-апрелде жарыялап, мындай соода саясатынын негизги максаты америкалык өндүрүш тармагын өркүндөтүү экенин айткан.

Вашингтон Кытайдан АКШга импорттогон товарларга жалпы 104 пайыздык тарифтерди киргизди. Американын лидери буга чейин март айында 20 пайыз, өткөн аптада дагы 34 пайыз тариф киргизген.

4-апрелде Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна 34% тариф киргизген. Бир күн мурун АКШ президенти Бээжинге дагы 50% бажылык төлөм салынарын билдирген.

Бардык өлкөлөргө киргизилген 10 пайыздык жаңы тарифтер, Трамптын жарлыгында айтылгандай, 5-апрелден тартып иштей баштады. Ал эми АКШ менен соодасынын көлөмү чоң өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн тарифтер 9-апрелде күчүнө кирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG