Бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул Крымдын аннексиясына жана Украина чыгышындагы окуяларга байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкциялар жакын арада жоюларынын ишарасы эмес.
Уюштуруучулар “Орусиянын Давосу” катары сыпатташкан Санкт-Петербург экономикалык форумун акыркы эки жылдан бери европалык расмий өкүлдөр менен ишкерлер бойкоттошкон эле.
Андыктан, быйыл алардын форумга кайра катышуусу айрым суроолорду жаратып, түшүндүрмөлөрдү талап кылды.
Форумга келген европалык расмий өкүлдөрдүн эң жогорку даражалуусу -Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер өзүнүн бул чечиминин тууралыгын коргоп, муну Орусия менен диалог жүргүзүү зарылдыгы катары түшүндүрдү.
Ошондой эле Евробиримдикти Орусиянын ага каршы санкцияларга түрткөн аракеттери боюнча алардын туруму өзгөрүүсүз бойдон калып жатканын баса белгиледи:
- Бизге бүгүн кайсыл жерде турганыбыз боюнча ачык-айкын сүйлөшүү керек. Крымдын аннексиясы, Чыгыш Украинанын ичиндеги жана анын айланасындагы жаңжал Евробиримдик менен Орусиянын мамилесин оор сыноого кептеди. Орусиянын аракеттери Европадагы коопсуздук тартибинин башкы принциптерин бузду. Суверенитет, суверендүү тең укуктуулук, күч колдонбоо, аймактык бүтүндүк көңүл бурбай койо турган маселелерден эмес. Биздин багыт кайра Украинадан башталуусу керек. Орусия Минск келишиминин катышуучусу жана ага кол коюп өзүнө бир катар милдеттенмелерди алган. Андыктан, кийинки кадам анык. Келишимдер толугу менен аткарылууга тийиш. Аз дагы, көп дагы эмес. Биздин сүйлөшүүлөрдү баштап, киргизилген экономикалык санкцияларды жоюунун жалгыз аргасы ушул.
Санкт-Петербург форумуна келген европалык саясатчылар арасында Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози да болду. Ал санкциялар боюнча алгачкы кадамды жасоону Орусияга сунуш кылды:
- Мен санкциялар алынышы керек деп санагандардын биримин. Бизде башка көйгөйлөр деле жетиштүү, алардын баары менен күрөшө албайбыз. Колду ким күчтүү болсо, ошол озунуп сунушу керек. Бул жерде күчтүү тарап - Орусия жана президент Путин.
Франциянын мурдагы президентинин бул чакырыгына Орусиянын экономика министри Александр Улюкаев тескерисинче демилге Европа тараптан чыгышы керек деп жооп кайтарды.
Николя Саркозинин пикири Франциянын ички маселелерине да байланыштуу болушу мүмкүн. Саркози Франциядагы президенттик шайлоого кайрадан катышууну көздөп жаткан саясатчылардын бири. Өткөн аптада француз парламентинин жогорку палатасы - Сенат өкмөттү Орусияга каршы санкцияларды баскыч-баскыч, бөлүм-бөлүм менен жумшартууга чакырган резолюцияны кабыл алган.
Бул багытта Францияда Орусияга каршы санкциялардан жабыр тарткан компаниялар, орусиячыл депутаттар тобу иш жүргүзүп келет. Анткен менен Сенат кабыл алган резолюцияны өкмөт аткарууга милдеттүү эмес.
Франциядан тышкары Италия менен Грецияда да Орусияга каршы санкциялар жумшартылуусун жактаган саясий күчтөр жана ишкер чөйрөлөр бар.
Бирок бул жакын арада болчудай эмес. Орусиянын каржы, мунай секторлоруна каршы санкцияларды Евробиримдик 2014-жылы жаз, жай айларында үч айлампа менен киргизген. Анын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартуу маселесин Евробиримдик келерки аптада караганы жатат.
Дипломаттардын айтымында, санкциялардын убактысы узартылары анык. Муну бейшемби күнү Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Германия канцлери Ангела Меркел да ырасташты.
Орусия болсо өз кезегинде жооп чара катары азык-түлүк эмбаргосун киргизип, Евробиримдиктен тамак-аш жана азык-түлүк импорттоого тыюу салган.