Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Жарандык активист Зарина Төрөкулова эркиндикке чыкты


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

9-апрелде жарандык активист Зарина Төрөкулова президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык абактан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Төрөкулова өзү "Азаттыкка" билдирди.

"Ушул жылдын январь айында ырайым сурагам. Бүгүн кечинде эркиндикке чыктым. Азыр эң негизгиси ден соолугума кам көрөм", - деди Төрөкулова.

Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон.

Ал өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган. Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган.

9-апрелде Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков да президенттин ырайымына ылайык абактан чыкты.

Ишенбеков Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, былтыр октябрда Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган. Азамат Ишенбеков өзүнө коюлган айыптарга дагы деле макул эместигин белгиледи.

“Ырайым берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлганы тууралуу маалымат президенттин сайтына 9-апрелде жарыяланды. Мыйзам долбоорун 13-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG