Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:29

Акын, журналист Азамат Ишенбеков эркиндикке чыкты


Азамат Ишенбеков адвокаты Жаныш Бараков менен. Петровка, Чүй. 9-апрель, 2025-жыл.
Азамат Ишенбеков адвокаты Жаныш Бараков менен. Петровка, Чүй. 9-апрель, 2025-жыл.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык, абактан бошотулуп, эркиндикке чыкты. Ал 9-апрелде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Чүйдөгү Петровка айылында жайгашкан түрмөдөн адвокаты Жаныш Бараковдун коштоосунда чыкты.

"10-апрель апамдын кыркылыгы болчу. Мен ошол күнү апамдын үйүндө куран окуп, дуба кылууну тилек кылган элем. Адвокатыма ыраазымын, анын аракетинин натыйжасында мен минтип боштондукка чыктым".

Азамат Ишенбеков өзүнө коюлган айыптарга дагы деле макул эместигин белгиледи.

Ишенбеков Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, былтыр октябрда Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан беш жыл абакка кесилген. Кийинки соттук инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.

Президент Садыр Жапаров учурда абакта жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берген мыйзамга 9-апрелде кол койду.

Сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатып ырайымга туш болгондордун катарында "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен соттолгон активисттер Азамат Ишенбеков, Зарина Төрөкулова бар.

Зарина Төрөкулова да ырайымга байланыштуу 9-апрелде абактан эркиндикке чыгууга укуктуу экенин Жаза аткаруу кызматы "Азаттыкка" ырастады.


Ошондой эле тизмеде Орусиянын федералдык соттору түрдүү кылмыштарга айыптап, бирок эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанга экстрадицияланып, мекениндеги абак жайларда жаза мөөнөтүп өтөп жаткан он чакты жаран да бар.

“Ырайым берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлганы тууралуу маалымат президенттин сайтына 9-апрелде жарыяланды. Мыйзам долбоору 13-мартта Жогорку Кеңеште кабыл алынган.(ErN/ZKo)



Шерине

XS
SM
MD
LG