Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Тыңчы катары соттолгон Уилан түрмөгө кетти


Москва шаардык соту Пол Уиланды июнь айында 16 жылга эркинен ажыраткан.
Москва шаардык соту Пол Уиланды июнь айында 16 жылга эркинен ажыраткан.

Орусияда тыңчы катары соттолгон америкалык жаран Пол Уилан Мордовиядагы түзөтүүчү колонияга которулду.

Бул аймактын түрмөлөрү адам чыдагыс катаал шарттары менен белгилүү жана СССРдин тушунда саясий туткундар үчүн эмгек лагерлери болгон.

Июнь айында Москва шаардык соту Уиланды 16 жылга эркинен ажыраткан. Америкалык жаран күнөөсүн мойнуна алган эмес жана кылмыш ишин «акылга сыйбас саясий куугунтук» катары сыпаттап келет.

Пол Уиландын адвокаты Ольга Карлова билдиргендей, соттолуучуну «Лефортово» тергөө абагынан апта башында Мордовиядагы түзөтүүчү колонияга алып кетишкен. Ал ТАСС агенттигине берген комментарийинде Уилан тууралуу соңку маалыматты анын бир тууганы Дэвидден укканын, тергөө абагы кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын айткан.

Жаза аткаруу боюнча федералдык кызмат Пол Уилан Мордовияга 1-августта которулганын ырастады. Ага ылайык, соттолуучу алгач №18 абакта 20 күн карантинде кармалат, андан кийин жазасын №17 түзөтүүчү колонияда өтөйт.

Адатта соттолуучуну түрмөгө которуу жараяны бир канча жумага созулат. Ушундан улам Уиландын жакындары ал «Лефортово» тергөө абагында көбүрөөк кармалып, сентябрда АКШда кармалган орус жарандарына алмаштырылышы мүмкүн экенин айтып жатышкан. Аны менен алмаштырылат дегендердин арасында ушул тушта америкалык түрмөлөрдө отурган орусиялыктар Виктор Бут менен Константин Ярошенконун аты аталган.

Америкалык саясат талдоочу Марк Помар эки өлкө соттолуучуларды айырбашташы мүмкүн деп эсептейт. Ал Уиландын окуясын эки өлкөнүн алака-катышы дагы начарлап баратканын далили катары сыпаттады:

Бул Пол Уилан үчүн өтө оор учур. Ал бечара орус тилин, маданиятын билбейт.

«Соттолуучуларды айырбаштоо Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү үчүн деле жакшы роль ойномок. Ал өзүн чоң дипломат катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алмак. АКШ менен Орусиянын алака-катышын байкап турган америкалыктарга Уиланга чыгарылган сот чечими эки тараптуу мамиле да начарлап баратканын далилдеди. Андан сырткары Орусиянын сот системасы Советтер Союзунан калган салтты улантып жатканын көрсөттү. Ал кезде да камакка алып, соттолгондорду алмаштырып, ушундай иштер болгон. Бул жакшы көрүнүш эмес. Бул Пол Уилан үчүн өтө оор учур. Ал бечара орус тилин, маданиятын билбейт».

АКШнын Орусиядагы элчилиги Уилан тууралуу кабары бар экенин, бирок расмий маалымат ала элек экенин маалымдады. Элчиликтин басма сөз өкүлү Ребекка Росс «Твиттердеги» баракчасына: «Биз орус бийлигинен Пол Уиланга калыс жана гумандуу мамиле жасалышын талап кыла беребиз жана бул маселеде АКШнын консулдук өкүлдөрү менен такай байланыштабыз», деп жазды.

Бир эле учурда Кошмо Штаттардан сырткары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон мурдагы америкалык деңиз аскери Пол Уилан 2018-жылы декабрда кармалган. Ал Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин, жанынан табылган флешкада бул тойдон тартылган сүрөттөр бар деп ойлогонун билдирген.

Уиланга АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган. Ал камалганга чейин Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан «BorgWarner» аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген.

Май айында соттогу акыркы сөзүндө Уилан күнөөсүз экенин дагы бир жолу билдирген жана судьядан актоону суранган. Ага чейин америкалык жаран кылмыш ишин «акылга сыйбас саясий куугунтук» деп атап келген.

Прокурорлор Уиланды 18 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Июнь айынан аяганда Москва шаардык соту аны 16 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүм 3-июлдан тартып күчүнө кирген жана Уилан соттун жогорку инстанциясына арызданган эмес.

АКШнын расмий адамдар бул сот чечимин кескин айыптаган. Москва анын ишинде саясат бар экенин жокко чыгарып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG