Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:03

Раисинин бийлиги: Аялдардын өлүмү, күч менен басылган акциялар, өзөктүк курал


Эбрахим Раиси
Эбрахим Раиси

19-майда Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагы кырсыкка учурады. Ал Азербайжанга иш сапарга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен бирге өлкөнүн түндүк-батышындагы жаңы плотинаны ачкан. Бортто тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан, Ирандагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем болгон. Алардын баары каза тапты.

Эбрахим Раиси Ирандын ультраконсервативдүү президенти, аятолла Али Хаменеинин кийинки жогорку лидер болууга даярданып жаткан мураскери эле.

Дал ушул Хаменеи президенттен мурда Ирандын клериктик истеблишменти менен өкмөтүнүн ортосундагы кош саясаттуу системасынын шартындагы бардык саясий суроолордо чечүүчү ролду ойноп келет.

Саясатка жаш кезинен аралаша баштаган Раиси 2021-жылы президент болгон. Шайлангандан кийин орто рангдагы дин кызматкери Ирандагы кыз-келиндердин кийимине тыкыр көзөмөл кылган "аялдардын тазалыгы жана хижаб" тууралуу мыйзамды катуу сактоого буйрук берген.

Бир канча жумадан кийин ирандык күрддөрдүн кызы, студент Махса Амини бул мыйзамды бузду деген негизде адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалгандан кийин абакта каза тапкан. Мунун айынан тутанган жалпы улуттук нааразылыкты Иран 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин көргөн эмес.

Өкмөттүк аскерлердин күчү менен аёосуз басылган бул демонстрацияларда жүздөгөн адамдар өлүп, миңдегени камакка алынган.

Раиси бул кандуу репрессияларды жактаган жана чет элдик державаларды, оппозициялык топторду башаламандык уюштурууга айыптаган.

Эбрахим Раиси (ортодо) жана тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан (солдо)
Эбрахим Раиси (ортодо) жана тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан (солдо)

Эл аралык кризистик топтун Иран боюнча долбоорунун жетекчиси Али Ваэз Раисинин президенттик доорунда социалдык жана саясий келишпестиктер курчуп, Батыш менен мамиле бузулганын белгилейт.

"Анын башкаруусу ирандык жогорку системанын обочодо калуу саясаты, ультраконсервативдүү көзөмөлдү күчөтүү чаралары менен эсте калат", - дейт ал.

Коңшу Ооганстандан АКШнын аскерлерин чыгаруу жана Вашингтондогу саясий чайкалуу Ирандагы катаал багытты жактоочуларды шыктандырган. 2018-жылы ошол кездеги президент Дональд Трамп Тегеран жана алты держава менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Бул кадам Тегеранды өзөктүк чектөөлөрдү бузууга түрткөн. Раиси уранды байытууну көбөйтүүгө жетишкен.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден жана анын администрациясынын макулдашууну калыбына келтирүү боюнча Иран менен кыйыр сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелген.

"ТЕГЕРАНДЫК КАСАПЧЫ"

Раиси убагында шиитер ыйык санаган Кум жана Мешхед шаарларындагы семинарияларга катышкан. Бул аймакта ал 1960-жылы туулган. Кийинчерек Хаменеи баштаган руханий лидерлердин жетекчилиги астында теология жана ислам юриспруденциясын окуган.

Ислам Республикасын сындагандар Раисини 1988-жылы Тегерандын прокурорунун орун басары болуп турганда саясий туткундарды жапырт өлүм жазасына тарткан кандуу жараяндагы ролу үчүн "тегерандык касапчы" деген атка кондурушкан.

1989-жылы Хаменеи руханий лидер болгондон кийин Раиси борбор калаанын башкы прокурору болуп дайындалган. Бул кызматта 1994-жылга чейин иштеген. Андан кийин ага соттук орган катары саналган Мамлекеттик инспекциялык уюмду 10 жылдай жетектеген.

Ирандын жогору лидери Али Хаменеи (солдо) жана ошол кезде сот бийлигин жетектеген Эбрахим Раиси. Тегеран, 6-сентябрь, 2019-жыл.
Ирандын жогору лидери Али Хаменеи (солдо) жана ошол кезде сот бийлигин жетектеген Эбрахим Раиси. Тегеран, 6-сентябрь, 2019-жыл.

2004-жылы Сот бийлигинин таасирдүү башчысы Махмуд Хашеми Шахруди Раисини өзүнүн орун басары кылып дайындаган. Бул кызматта он жылдай турган Раиси 2014-жылы Ирандын башкы прокурору болуп дайындалган. Эки жылдан кийин Хаменеи Раисини ирандык эң бай фонддорунун биринин жана Мешхеддеги ыйык жайдын сакчысы кылып бекиткен.

2017-жылы шайлоодо Раиси 38 гана добуш алып, ошол кездеги президент Хасан Роуханини жеңе алган эмес. Эки жылдан кийин Хаменеи Раисини Ирандын сот бийлигинин башчысы кылып дайындаган.

Ошол эле жылы Кошмо Штаттар Хаменеинин айланасындагы Раиси баштаган сегиз адамга санкция киргизген.

"Раиси - бул адамдарды мамлекеттин саясатын сындаганы үчүн түрмөгө отургузган, кыйнап жана өлтүргөн системанын түркүгү", - деп айткан Reuters агенттигине Ирандагы адам укуктары боюнча нью-йорктук укук коргоо тобунун (CHRI) аткаруучу жетекчиси Хади Гаеми. Иран абактагыларды кыйноого алганын четке кагып келет.

"ӨЛКӨДӨ ЖАЗАСЫЗ КАЛУУ ӨКҮМ СҮРҮҮДӨ"

Раиси 2021-жылы эч бир олуттуу атаандашы болбогон шайлоого экинчи жолу катышып, президенттик тактыга отурган. Андан башка токтоо жана реформаны жактаган талапкерлер жарыштан четтетилген. Добуш берүүгө 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери шайлоолорго караганда эл өтө аз катышкан.

"Эбрахим Раиси адамзатка каршы кылмышы, киши өлтүрүүлөр, күч менен жок кылуу жана кыйноо үчүн мыйзам алдында жооп берүү ордуна президент болгону - Иранда жазасыз калуу өкүм сүрүп турганын эске салган кайгылуу окуя", - деген шайлоодо Раиси жеңгенден кийин Amnesty International уюмунун башкы катчысы Агнес Калламар.

Раисинин шайланышы Ирандын бардык бийлик бутагында үстөмдүк кылган катаал багытты жактоочулардын үстөмдүгүн бекемдеди.

Раиси башкарып турганда Иран Кытай жана Орусия менен мамилесин чыңдап, Батыш жана Израил менен конфронтацияны күчөтүп, аларды өлкөнүн башкы душманына айлантты.

Марттагы шайлоодо Раиси өлкөнүн башкы лидерин тандаган Эксперттер ассамблеясындагы өз ордун сактап калган.

Раиси расмий түрдө Жамила Аламолхода менен никеге туруп, эки кыздуу болгон.

Иран: Беш күндүк аза күтүү, президенттик шайлоо

Дүйнө лидерлери Ислам жумуриятына көңүл айтууда. Иранда беш күн аза күтүү жарыяланды. 19-майда президент Эбрахим Раиси баштаган аткаминерлер бараткан тик учак кыйрап, ичиндегилер набыт болгон. Ислам жумуриятында эмне өзгөрүүлөр болушу ыктымал?

Эбрахим Раиси бийликтин жогорку сересине жакын болгондуктан көптөр аны 85 жаштагы, алдан-күчтөн тайып калган аятолла Али Хаменеинин ордун басат дешчү. Бирок тагдырдын буйругу башкача болду.

Темирдей катаал бийликти жактаган, 63 жаштагы Раиси капыстан каза тапкандан кийин катаал консервативдүү көз караштагы санаалаштар ээлеп турган өлкөнүн жалпы системасында эмне өзгөрүүлөр болушу ыктымал?

Ирандыктар беш күн аза күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Иранда президенттик шайлоону 28-июнда өткөрүү сунуш кылынганын Ички иштер министрлигинин шайлоо кеңсесинин басма сөз катчысы Мохсен Эслами билдирди. Сунушту Революция сакчылары корпусу жана шайлоо комитети бекитүүгө тийиш.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып дайындады. Ислам жумуриятынын мыйзамдарына ылайык, президент каза болсо анын милдетин биринчи вице-президент аткарат.

Мохаммад Мохбер
Мохаммад Мохбер

Жергиликтүү маалымат каражаттары тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кани тышкы саясий мекемени убактылуу башкарарын жазышты.

Парламенттин спикери, сот тармагынын жетекчиси жана биринчи вице-президент кирген кеңеш 50 күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындоого тийиш.

Тик учактагы кырсык

Ирандын президенти Эбрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахияндын сөөгү Ирандын түндүк-батышындагы Азербайжан менен чектеш аймактан табылды.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 20-майда кабарлагандай, президент бараткан тик учак катаал аба ырайынын кесепетинен кыйраган.

20-майда Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейн Коливанд Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак кыйраган жерде тирүү калгандар жок экенин билдирди.

Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү Иранга көңүл айтып, тилектештигин билдиришүүдө. Ливан маркумдун урматына үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Раисини жана тышкы иштер министри Амир Абдолахиянды “өлкөнүн чыныгы, ишенимдүү достору” деп атады.

АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобу көңүл айтып, палестин элине “таалыкпаган тилектештик аракеттери” үчүн Раисиге ыраазычылыгын билдирди.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишел да көңүл айткан билдирүү жасады.

Жакынкы Чыгыштагы лидерлер, Пакистан жана Түркиянын тышкы иштер министрликтери Иранга көңүл айтышты.

Ирандын президенти бара жаткан тик учак кыйраган жер делген сүрөт. 20-май, 2024-жыл
Ирандын президенти бара жаткан тик учак кыйраган жер делген сүрөт. 20-май, 2024-жыл

Эбрахим Раиси 19-майда күндүз Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, азери президенти Илхам Алиев менен чогуу Гы Каласы плотинасынын ачылышына катышкандан кийин кайтып келатканда тоолуу аймакта кырсыкка кабылган. Кечээтен бери бир канча өлкөнүн жардамы менен издөө-куткаруу иштери жүрүп жаткан. Бирок аба ырайынын катаалдыгы издөө иштерин кыйындатып жатканы айтылган.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да болгон.

Мамлекеттик маалымат каражаттары президенттик администрация чукул жыйын өткөрүп жатканын жазышты.

Президентти коштогон дагы эки тик учак болгон жана алар Тебриз шаарына аман-эсен жеткен.

Маалыматтарга караганда, кырсык Тегеран убактысы менен 13:30дар чамасында болгон. Ага коюу туман себеп болгону, куткаруучулар окуя болгон жерге жетүү аракетин көрүп жатканы, бул аймак тоолуу жана токойлуу жер экени маалымдалган.

Окуя Ирандын борбору Тегерандан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болгону айтылды.

IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак алгач окуя болгон жерге барып, коюу тумандын айынан коно албай, кайра кайткан.

Кырсык болгон жердин картасы.
Кырсык болгон жердин картасы.

Тик учакты издөөдөгү кыйынчылыктан улам Иран Европа Биримдигине кайрылганын уюмдун өзгөчө кырдаал учурундагы жөнгө салуу маселелери боюнча комиссары Янез Ленарчич билдирди. Ал Х социалдык түйүнүнө жазгандай, учакты табуу үчүн Евробиримдиктин Copernicus спутниктик картография кызматы активдештирилди.

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Fars News агенттиги ирандыктарга кайрылып, Раисинин амандыгы үчүн дуба кылууга чакырды.

Мамлекеттик телеканалдар Ирандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Тебриз шаарына жөнөшкөнүн маалымдады.

Раиси 19-майда эртең менен Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз Каласы плотинасынын ачылышына катышкан. Бул эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев окуяга кабатырлыгын билдирди:

Ал "Раисинин тик учагы аман-эсен конбогону тууралуу маалыматтарга терең тынчсызданып" жатканын Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазып, "Коңшу, дос жана бир тууган өлкө катары Азербайжан колунан келген бардык жардамын берүүгө даяр" экенин билдирди.

Эбрахим Раиси менен Илхам Алиев. 19-май, 2024-жыл
Эбрахим Раиси менен Илхам Алиев. 19-май, 2024-жыл

Армения жана Ирак да жардамын сунуштап, бул окуя аларды нес кылганын билдиришти.

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин Х социалдык түйүнүндөгү баракчасында "Куткаруу иштери уланып жаткандыктан жакын жана дос коңшусу катары Иранга зарыл болгон жардамыбызды көрсөтүүгө даярбыз" деп жазды.

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа ас-Судани өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине, Кызыл Ай коомунун бөлүмүнө жана тийиштүү мекемелерге "Ирандын президентинин учагын табууга зарыл ресурстарды жардам катары сунуштоону" тапшырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып "Ирандын президенти жана тышкы иштер министри бараткан тик учак кыйынчылык менен конгону тууралуу маалыматтарга кылдат көз салуудабыз. Азыркы тапта бизде комментарий жок", - деп билдирди.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) "Ирандын президенти менен тышкы иштер министрин ташыган тик учак күтүүсүз жерден конууга аргасыз болгону жана алардын абалы азырынча тактала элек деген тыкыр кабарлардан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр менен бирге биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз" , - деп жазган.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышканы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Эбрахим Раиси
Эбрахим Раиси

Айрым маалыматтарга караганда, эл аралык санкциялардын айынан Иран эскилиги жеткен тик учактарына тетик сатып алууда кыйынчылыктарга туш болууда.

Кыйраган учакты издегени чыккан куткаруучулардын үчөө дайынсыз болуп жатканын BBC News жазды. Алар эл аралык Кызыл Ай коомунун кызматкерлери экени белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG