Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургундары Мафтуна Сабирова жана Нилуфар Рустамова аларды өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр уурдоого аракет кылганын айтып, милицияга арыз жазган. Алардын бири азыр үйүндө, экинчиси ооруканада дарыланууда.
Бул окуялар мындан бир апта мурда Ош шаарынын жакасындагы Нариман кыштагында орун алган. 22 жаштагы Мафтуна Сабированын милицияга жазган арызына ылайык, аны 2-сентябрь күнү таңкы саат 6да көчө шыпырганы чыккан кезде бейтааныш адамдар уурдаганга аракет кылган. Бирок көчөгө кишилер чыгып калгандыктан, келинди таштап кетишкен. “Хундай-Старекс” унаасында келди делгендердин бири эркек, экинчиси кара хижаб кийген аял болгону айтылат.
Мафтунанын апасы Махарамхан Сабирова окуяны мындайча сүрөттөдү:
- Бири колдойгон эркек киши дейт, бири көзүнөн башкасы жабык кара хижаб кийген аял киши экен. Алгач аял кызымдын артынан келип оозун жаап, бир сөз айтпай машинеге алып жөнөптүр. Кызым ага каршылык көрсөтүп кирсе, эркек жардамга келиптир. Ошол маалда 50 метр ары жактагы мечиттен кишилер чыгып калыптыр. Аларды көргөндө тигилер шарт бурулуп качып кетишиптир. Аял качып баратып да, кызымды уруп-тепкенге үлгүрүптүр. Мафтуна азыр өң-алеттен кетип, жүрөгү түшүп отурат. Үйдө дарылап жатабыз.
Мындан бир күн өтпөй эле, 3-сентябрда ушул эле Нариман айылындагы экинчи келин, 24 жаштагы Нилуфар Рустамованы да уурдоо аракети болгон. Аны түштө саат 14:00 чамасында белгисиз адамдар машинеге салууга аракет кылган экен:
- Азан айтылгандан кийин көчөдө эч ким жок болгон. Келиним Нилуфар бир нерсе төккөнү сыртка чыгыптыр. Кайтып келе жатканда артынан бир машине аңдып келе жатканын сезип калган. Арыктан бери аттап качып жөнөсө, тиги машинеден 25 жаштагы бир жигит түшүп, келинимдин жолун тороп алган. Анан эле бир нерселерди сүйлөп, машинеге сүйрөп кирген. Машинеге салары менен уруп-сабап баштаптыр. Кийин арка жактан кимдир бирөө бакырган кезде, келинимди түшүрө салып, качып кетишиптир. Келиним башынан жаракат алып, кулагы, көздөрү канап келди,- дейт Нилуфардын кайненеси Мукадамхан Маматбубаева.
Нилуфар Рустамова учурда Нариман айыл аймактык ооруканасында дарыланууда. Бейтапкананын жетекчиси Арстанбек Жолдошев Рустамованын абалы боюнча мындай деди:
- Бизге бир гана аял келип түштү. Нилуфар Рустамова келгенде өзүн жоготуп койгон абалда болчу. Невропатолог мээсине зак кеткен окшойт деп шектенип, текшертип чыккандан кийин соо экени аныкталды. Денесине да эч кандай залал келбептир.
Соттук медициналык экспертиза да Нилуфар Рустамованын жана Мафтуна Сабированын денесинде жаракаттар жок экендигин тастыктаган.
Кантсе да эки окуя бири-бири менен байланышы барбы, же жокпу белгисиз. Жабырлануучулардын арызынын негизинде милиция тергөө жүргүзүп жатат. Бирок азырынча кылмыш иши козголо элек. Укук коргоо органдары бул окуялар балким үй-бүлөлүк чатактан же башка жагдайлардан улам да чыгышы мүмкүн деп божомол кылууда. “Ошол себептүү бул окуяга адам уурдоо” деп баа берүү эрте дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев:
- Тергөөдө ошол эле арыз жазгандар менен күбөлөр эки түрдүү көрсөтмө берип жатканы азыр түшүнүксүз абалды жаратууда. Жабырлануучулардын кээ бир айткандары ойдон чыгарылгандай болуп жатат. Азыр биз адам уурдоо версиясынан сырткары дагы башка фактыларды карап жатабыз. Себеби, шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт. Үй-бүлөлүк чыр же күнүмдүк чатак болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу азыр иликтөө кылдат жүргүзүлүп жатат.
Күч органдары кабарлагандай, келиндерди уурдоого аракет кылгандардын фотороботу да түзүлүп, издөө жарыяланды. Ош шаарындагы жана Ош облусундагы “Хундай-Старекс” үлгүсүндөгү эки миңден ашуун автоунаалар текшерилип жатат.
Маалым болгондой, келин уурдоо боюнча фактылар Ошто 2010-жылы жана 2011-жылдары катталган. Алардын кээ бирлери үйүнө кайтып келсе, айрым фактылар ачык бойдон калып кеткен. Келиндердин бири күйөөсүнө, кайненесине өчөшүп ушул кадамга барса, дагы бири мурдагы сүйлөшкөн жигити менен качып кеткени белгилүү болгон, айрымдары кайда барганын ачык айтуудан чочулашкан. Укук коргоо уюмдары ошол кезде акча өндүрүп алуу максатында келин уурдаган топтор бар экенин белгилешсе, айрым адамдар бул окуяларга улуттук түс берүүгө да үлгүрүшкөн.